Мирлан Баеков "Ата тилеги"
03:42
3,52 Мб
Жүктөлгөн: 21-12-2010
Сөзү:Ж. Абдыраимовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(18 добуш)
Эрмегим элең эркелеп, кызым,
Колумдан кеттиң эртелеп, кызым.
Теңиңе кошуп узатып жатам,
Теңирим бакыт берсе деп, кызым.

Кайырма:
Ай, жыл да өтөр,
Улана, кызым.
Турмуш бул татаал,
Убара, кызым.
Атадай камкор болуп жүргүн деп,
Тапшырдым сени кудама, кызым.

Кайырма:
Бой тумар сындуу,
Көрүнгөн кызым.
Бой жеткен кезде,
Бөлүнгөн кызым.
Бакыттын кушун колуңа кармап,
Бактылуу өткүн өмүрдөн, кызым.

Кайырма:
Тартылган үйгө желегим, кызым,
Таарынып келем дебегин, кызым.
Ак тилегимди ыр менен сунуп,
Арнаган сага белегим, кызым.

Кайырма:

Комментарийлер (38)

23.12.2010. 22:14
 zaripbek
Аябай жакты жакшы уккулуктуу ыр экен.
24.12.2010. 08:43
 Varvara
таащуусь ушууул ырдаааан....
24.12.2010. 13:24
 jirgalkg2
super!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
24.12.2010. 19:44
 Ulukmyrza
Molochik Mirlan brat.Chygarmachylyk iigilik. Jakshy. Alga!!!
25.12.2010. 07:41
 gilrfkg
azamatsin!!!!!!!!!!!!!!alga!!!!!toktogulduktar sen menen!!!!!!!!!!!!!
29.12.2010. 00:15
 Barika
Ийгилик, мага дагы аябай жакты!
30.12.2010. 08:42
 aziza
Мирлан Баеков абдан таланттуу ырчы, ырлары абдан жакшы. Ийгилик сага.
03.01.2011. 07:33
 nur1989
Суппер ыр
04.01.2011. 22:32
 zaripbek
Мага ушул ыр олллооооосоооо жагат да!!!!!!
10.01.2011. 14:51
 aika li
ыры жакшы клиби жиндиский
10.01.2011. 15:02
 Kamyt
Абдан укмуш!
17.01.2011. 00:14
 Kanubek
Жакшы ырдаптыр го биро кыз барган жерине ата болбойт апа болота ападай камкор болуп деш керек еле.
24.10.2012 17:47
Laden
Kanubek, Атадай камкор болгун деп, кудаасына кызын тапшырып атат.
26.01.2011. 04:01
 Juma5
абдан жашы рахмат ийгилик ата тилегине жетпей калган аталардын арманын аябай жакшы ырдапсыз
05.02.2011. 16:26
 Roza701
Вообще то это песню я еще в детстве на свадьбах(кыз узату тойында)часто слышала!
Вот на казахском !
Surinbe kizim kulama kizim
Kulimde mangi jilama kizim
Akendey kamkor boladau deumen
Tapsirdim seni kudama kizim.
я сама казашка,супруг кыргыз!У нас растет дочь,алла берсе кызымызды узатканда обязательно эту песню на кыргызском языке включим в программу!
06.02.2011. 19:52
 dobr
Мирландын ырлары жагат, уну да жакшы
15.02.2011. 13:08
 akella
jakwy obonu da,sozu da,voobshem baru jakwy!
08.03.2011. 13:27
 deva
Бек байке ырдаса сонун болмок Анткени Мирлан он гулунун бир гулу ачыла элек бала да Жарашпай калат экен Бирок сонун ырдаган Азаматсын иничек!
09.04.2011. 03:00
 shishka
kanybek sen maanisin jakshy tushunboi kalgan okshoisun.kaira okup je ugup chyksan anan nege atadai degenin tushunorsun
26.07.2011. 18:04
 Malika88
ыр сооооооонундан да ашып кетет
бирок клипти дагы эле жанагы калжанбайлар бузуп салган
23.08.2011. 23:43
 Kg_GiRl
Ушу ыры, мана абдан жагатта!))
18.09.2011. 17:40
 aminali
Yilatat go 4irkin,Azamat!!!
15.06.2012. 14:00
 Датка кыз
Kanubek, ырды жакшылап укпайсынбы. Атадай камкор болуп жїргїн деп, кудама тапшырдым, кызым деп жатпайб. Кудасы эми кызына ата болот да. Кичине мээнди иштетип койсон болмок...
17.08.2012. 23:09
 Janara.kg
Мирлан байке сизге жаратканым талантты аянбай берген. Чыгармачылыгынызга ийгилик!
29.05.2013. 22:56
 graffbatkensky
Ушул ырдын оригиналын коет окшойм. Кандай дейсинер?
08.10.2013. 10:17
 tendikos1988
саламатсыздарбы super kg бул ырды казактар котордуубу же мирлан которгонбуу билип бере аласынарбы алдын ала рахмат
28.04.2014. 20:46
 elya-jan
ayabay jagat bul yr :)
26.01.2015. 19:11
 nuraiko
salamatsyzdarby super.kg ozbekterdin Fotima atuu kinosunun saundtregin juktop koiunuzdardy suranam aldyn ala rahmat
27.01.2015 16:55
damir007
nuraiko, ушул эмеспи http://www.super.kg/media/uservideo/71887/
28.01.2015. 01:18
 moscow2013
ушул ырдын минусовкасын жуктоп бергилечи
06.04.2015. 03:42
 nurjandavletbaeva
Абдан журокту ооруткан ыр, бул ырды укканда кызын куйоого бергиси келбегендер арабыздан табылып атат.... ар бир ата-энеге бул абдан оор. Кызын багып чонойтуп анан: "ме ал"- деп эле бироого берип коюш бул кыйын.
16.04.2015. 19:53
 Doka2004
+5
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо