Замир Арыкбаев "Ала-Тоо сулуусу"
03:43
3,43 Мб
Жүктөлгөн: 28-07-2009
Сөзү:Замир Арыкбаевдики
Обону:Замир Арыкбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(3 добуш)
Көңүл буруп угар бекен,
Ашык болуп калдым десем?
Көңүлүнө туяр бекен,
Сүйдүм сени, жаным, десем?
Арсар кылдың, айбыккан ашыктык,
Айта албадым, бардым нечен.

Кайырма:

Ала-Тоонун сулуусу, сага ашык булуту,
Айланчыктап кете албайм, көйкөлөт го турушу.
Ала-Тоонун ак куусу, сөздөрүнүн таттуусу,
Ачылат го сизге буюрган жигиттердин бактысы, ай-ай.

Кызыл гүлүм сунсам эгер,
Толкунданып алар бекен?
Андай сулуу кара көздү,
Бул дүйнөдөн табар бекем?
Салдың мени азапка, ашыктык,
Ал периге жагар бекем?

Жолугууга чакырсамчы,
Келер бекен күлүмсүрөп?
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Эзилди го кайран жүрөк.
Ашыктыгым айтайын ыр менен,
Менин сүйүүм сенде жүрөт.

Комментарийлер (11)

28.07.2009. 22:18
 timoshek
jakshy yr eken, uksa bolot, jana ugup jurolu, ezip koiuptur
30.07.2009. 15:21
 aiklaus
Tipichnyi Samir arykbaev
30.07.2009. 15:33
 sapsary
Замирде эми соз жок ар бир ырын чебер, жеткире ырдайт. Сєз жок
08.08.2010. 06:52
 tynalieva
азаматсыз!!!Алгалай бер ардайым!!!
30.12.2010. 07:32
 Romantic
4ynygy sonun yr)))jetkire yrdagan,molodec Zamir))
03.03.2011. 04:12
 DilyaKiev
ырларын аз Замир, бирок ырларынды угуудан тажабайм. унун сонун. Ийгилик мага и баардык сенин куйормандарына.
03.03.2011. 04:13
 DilyaKiev
точнее сага. :) бывает.......!!!
14.09.2011. 09:45
 Muratbei
Jakshy jakshy
26.03.2013. 08:15
 rasulka
Замир кандай ырды болсо дагы чебер аткарат, таланттуу
12.05.2013. 12:52
 rasulka
Jakshy jakshy
20.01.2014. 15:18
 Dan1105
Колдук, Замир Арыкбаев менен жердеш болгонума суйуномун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо