Замир Арыкбаев "Таластык кыз"
04:05
5,63 Мб
Жүктөлгөн: 15-11-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Көк тиреген тоолоруна тойбодум да,
Сулуулук бар көпкөк шибер тоолорунда.
Мөңгүсүндөй эзилип, эрип кетем,
Таластык кыз, жылмайып койгонуңда,
Койгонуңда...

Кайырма:

Таарынганда кетемин Таласка,
Көпкө жүрөм, урмат-сыйың жарашса.
Окшоштурам, таластык кыз, өзүңдү,
Назданып, назданып,
Назданып, жылдыз учуп баратса.

Тамшанып, токоюна тойбодум да,
Бир сулуусу жашап келет ойлорумда.
Кыялымда жетелешип сени менен,
Шар аккан тунук суусун бойлодум да,
Бойлодум да...

Кайырма:

Сапсалкын абасынан айландым, ай,
Айдай болгон перисине байландым, ай.
Сага жеткен, жетпеген да арманда,
Таластык кыз, арманым, ай,
Арманым, ай, арманым, ай...

Кайырма:

Кымыз ичем Суусамырдын белинен,
Чоң рахмат Суусамырдын элине.
Денем ысып, чыйрыкканым жазылып,
Тез жетемин, таластык кыз, жериңе.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

28.11.2011. 12:50
 nuri7
реальный жигит да!мыкты!
06.01.2012. 19:53
 Dil
мыкты ырчы. колдук да!!!
28.01.2012. 00:38
 medya
молодец Замир так держать жакшы ырдайсын! ушул ырын жагат))))))
02.04.2012. 07:02
 rasulka
молодец замир так держать
02.04.2012. 10:09
 rasulka
мыкты ырчы. колдук да!!!
02.01.2014 01:25
tynara81
rasulka, Замир Арыкбаев Оштон болот, мурдагы Партсъезд, азыркы Монок деген айылдан болот, Кара-Суу районуна карайт. Колго жээн болот, ата-энеси ажырашып кетишип, кичинесинен Колдо чоноюп калган.
19.01.2013. 15:37
 dikeii
algaa talastyn kyzdary!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо