Замир Мырза "Көзүңдөгү керемет"
02:40
2,46 Мб
Жүктөлгөн: 21-11-2011
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көрүнбөгөн жазуулар сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.

Катасыңбы сырыңды, катасыңбы?
Карегиңде айталбай жатасыңбы?
Айтпасаң да жактырып калдым окшойт,
Адеби бар адамдык сапатыңды.

Ичиңдеби илебиң, ичиңдеби?
Илебиңдин кызылы жүзүңдөбү?
Көңүлүңдү сыйлап калдым мен окшойт,
Көп кыйнабай адамды түшүнгөндү.

Күлгөнүңдү жактырдым, күлгөнүңдү,
Күнөөкөрдөй айталбай билгенимди.
Билсең болду эми мындан сен ары,
Үмүт үзбөй өзүңдөн жүргөнүмдү.

Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көрүнбөгөн жазуулар сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.

Комментарийлер (7)

21.11.2011. 18:21
 anonim
сонун ыр болуптур
24.11.2011. 02:11
 spinkub
вообще жаккан жок Замир сенден жакшы ырларды кутобуз.Супсак болуп калыптыр эркекче
24.11.2011. 04:05
 danko
spinkub, сага кошулам.
28.11.2011. 01:33
 suke12
soz jok super******super
13.12.2011. 17:32
 mikinookat
mne balee ....
07.06.2012. 18:13
 altynbekimanbekov
обонун бузбай еле койсон болмок вапше болбойт
10.10.2012. 13:35
 Gulchetai13
Стиль башкача, на любителя экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо