КЕҢЕШ тобу "Мен сенсиз"
04:40
4,29 Мб
Жүктөлгөн: 21-11-2011
Жанр: Поп
Сөзү:Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону:М.Мамбетовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.41/5
(17 добуш)
Кезигип өмүрдүн кемесинде,
Илинип махабат желесине.
Кыйнадың, ыйладым сага жетпей,
Тилинип жүрөгүм армандын сересине.
Байлады тагдырым дилибизди,
Багынтып бирибизге-бирибизди.
Бакыттын багына жетерибизде,
Ак сүйүү айрыды неге бизди?

Кайырма:

Жок, мен сенсиз жашай албайм
Жок, сүйүүмдү тана албайм.
Сен алыссың билем бирок, жаным,
Мен сага бара албайм.

Алыссың жете албай айлам кетет,
Күн түнү уктабай сени эстеп.
Тагдырым үзө албай сенден үмүттү,
Махабат бакчасы жемишин береби деп.
Сагынам ак жуумал элесиңди.
Сени издеп жүргөнүмдү сезесиңби?
Байласа бактыңды башка адамга,
Бакыттын ачкычын сен ага бересиңби?

Кайырма:

Комментарийлер (7)

24.11.2011. 02:05
 spinkub
жакшы ыр мага жагат
01.12.2011. 21:29
 Ababakir
Сонун ыр жакшы ырдашкан
02.12.2011. 17:25
 roy
Бардык ЫРЛАРЫ бир обдого башкача обон м-н ырдаса болмок озгоруу жок
20.12.2011. 07:27
 man9419
Кенеш тобунун ырлары мага аябай жагат,анткени маанилуу ырдашат.
01.03.2014. 15:04
 zilish_kg
качандыр бир кезде ушул ыр менин жан дуйномдун абалымдын ыр саптарындагы корунушу эле....
11.06.2014. 03:48
 Bodibilding
Соонун ыр азаматсынар.
27.10.2014. 05:07
 aiza.kyrgyzkyz
Ташкент кызы Гул сизге чыгармачылык ийгилик, жагымдуу музыканыз учун КЕНЕШ тобуна уй булоолук бакыт таалай, коооооооооооп балалуу болуп жаркырап эгиз козудай журоо бериниздер. Кудайым суук коздон, создон сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо