Урмат Усенов, Неля "Алтын балалык"
03:56
3,62 Мб
Жүктөлгөн: 05-12-2011
Жанр: Поп
Сөзү:Ж.Алыбаевдики
Обону:Т. Казаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.70/5
(10 добуш)
Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кете элек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп.
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.

Кайырма:

Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон.

Кемпир десем мен колуңдан жетелеп,
Белим ий деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп сени аяп.
Чай кайнаткан күндөрүң,
Али эсимден кете элек.

Кайырма:

Коштошордо коомай кармап колумду,
Сагынба деп санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул күн.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.

Кайырма:

Комментарийлер (12)

06.12.2011. 15:26
 zinaniz
Классно,я вас уважаю Неля,Урмат.Вперед...Удачи вам.
06.12.2011. 15:29
 beam
эх, алтын балалык!
07.12.2011. 01:20
 Tipuska
Неля Урмат СОНУН ыр болуптур. Таазим этем бар болгула
16.01.2012. 07:33
 janetta
мастарга окшоп эле ойнооп ырдап коюшуптурго,зеригип кеттим.))
17.01.2012. 14:20
 TUA
Бул экооно башка ырдай турган ыр жокбу?илгерки жакшы ырларды ырдап эле тим болуп атышат,кыйратып атышкансып, озулору жаны ырларды жазып ырдашпайбы.
14.08.2012 02:57
Ysykataarashan
TUA, бироон эски ырлар жакшы дейсин, бироон жаны ыр дейсин элге деле тушунуш кыйын. Ырда Урмат Неля кулак салба.
25.08.2012. 23:18
 Akyikatchy
Азаматсынар ! Ырга омур кошуп,мыкты аткаргансынар !
Жетелешип экоонор тен арып-карыгыла !
06.04.2013. 01:38
 jumatone
мага жардам берип койгулачы нелянын бир ыры бар эле тагдырдын ташына деген создору мн ошол кайсыл ыры
19.03.2014 22:44
jumatone
jumatone, дагыле таппай жүрөм жардамга
01.01.2015. 01:05
 Playboy
Супер-инфо! Урмат менен Нелянын той ыры деген ырын да медиа-порталга жуктоп коюнуздарды отунобуз
01.01.2015 13:57
admin_media
Playboy,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо