Сыймык Бейшекеев "Отуз жаш"
04:57
4,54 Мб
Жүктөлгөн: 09-12-2011
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.77/5
(13 добуш)
Билинбестен мезгилдердин сынагы,
Билбейм качан, кайсы жолдон сурады.
Жетип келип, колдон алды байкатпай,
Алыкулдун ак боз атчан курагы.

Ай-жылдарды аралатып кошуп жаш,
Кечээ гана турдум эле тосуп жаз.
Күлгүн чакты чакыргансыйт күз жакка,
Алыкулдун ак боз минген отуз жаш.

Өмүр, чиркин, суудай экен агылган,
Бүгүнкүдөн эртеңи көп жаңырган.
Алды кызык, арты өкүнүч сезилип,
Жаштык күндөр жазда калып сагынган.

Көлөкөсүн көргүм келбей жайдын да,
Көңүл кушум көктөм жыттуу айдыңда.
Канча жашоо буюрганын ким билет,
Калгым келет жашыл жаздын айлында.

Жаштыгымды омуроолоп качырып,
Туягынан даңкандары чачылып.
Алыстарга ала качат ак боз ат,
Отуз жаштын тоолорунан ашырып.

Кечээ эле тиги кырда жок элең,
Кайдан келдиң, боз ат минген отуз жаш?

Комментарийлер (7)

10.12.2011. 20:47
 bakasov
myna emi mintib 30 jawta otub ketii
12.12.2011. 01:26
 Ulan5
jakshy yr eken surany4 super Syimyk baikenin enekem degen yryn teks menen jüktöp koiushunuzdardy suranam
19.12.2011. 00:45
 toktonazarova
эн сонун ыр Алгаа Сыймык байке!!!
23.12.2011. 12:34
 saltane
отуз жаш отуз жаш жетип келдин озунуп бат. бугун минтип тез эле 30ду коздоп олтурам. айла канча артка эч качан бара албайбыз!
09.10.2013. 22:32
 goodman02
Саламатсынарбы супер инфо? Сыймык Бейшекеевдин "Балалыка кетеличи апаке" деген ырын жуктоп койгулачы сураныч!
29.01.2014. 11:38
 xanty
кече эле тиги кырда жок элен, кайдан келдин боз ат минген отуз жаш?
14.03.2017. 00:00
 jek87_87
Отуз жаш эх отуз жаш! Мына бугун отуз жашты тосуп олтурабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо