Чубак Сатаев "Кан досума"
02:40
2,45 Мб
Жүктөлгөн: 10-12-2011
Жанр: Ретро
Сөзү:Ч.Сатаевдики
Обону:Ч.Сатаевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(7 добуш)
Кайгырбачы кан досум,
Жашоодо бар кайгыруу.
Айрылдым деп муңканба,
Турмушта бар айрылуу.
Сагындып деп саргайба,
Адамда бар сагынып.
Тирүүлүктө багынуу бар,
Жаңылуу бар.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып кан досум,
Кайгыга алдырбачы.

Сабыр түбү сары алтын,
Сабырлуу бол жан досум.
Таш ыргытса бир арам,
Аш ыргыткын кан досум.
Кары сөзүн капка сал,
Достун сөзүн угуп ал.
Бул жашоодо жаңылуу бар,
Таарынуу бар.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып кан досум,
Кайгыга алдырбачы.

Бул бир келген өмүрдө,
Кир калтырба көңүлгө.
Сыйлашып өт эл менен,
Ошол жакшы өмүрдө.
Жашоо – күрөш, тайманба,
Акмак айтса арам сөз.
Жан кеийтип арданбай,
Колдон келсе сыйлашып өт бул жалганда.
Ээ-эй, кайгырбачы,
Кайгырып кан досум,
Кайгыга алдырбачы.



Комментарийлер (8)

29.12.2011. 20:27
 elizabet
kandai gana na soonun yr
11.01.2012. 11:56
 Tolych
Дененди диркиреткен ыр!!!
30.01.2012. 04:38
 Isherbek
Султан Садыралиев жакшыраак ырдайт менимче
30.04.2012. 19:33
 djkaro
соз жок
14.06.2012. 00:24
 adi08
Сен учун жакшыраак ырдайт Султан. сен маанисин тушунсон.
20.11.2012. 01:13
 aktylek
эски ырларды уккун келетда
27.10.2013. 05:40
 RainaDiamond
Bul degen Chubaktin iri andan artik ech kim irdai albasa kk!
21.07.2014. 10:09
 Samandar
Чыныгы талант Чубак эленго оор кундо сенин ырын мага куч берет,айрылуу кандай азап,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо