Гүлнур Сатылганова "Ырда калган махабат"
03:32
3,24 Мб
Жүктөлгөн: 19-12-2011
Жанр: Эстрада
Сөзү:К. Тайчабаровдуку
Обону:Р.Бейшеналиеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(18 добуш)
Күндө күтүп бакыт берген сезимди,
Күтүү мага үмүт болуп сезилди.
Кыялымда барсың, бирок, өзүң жок,
Кусалыктар каптап турат кечимди.

Жашоо бизге сынак тура бир келген,
Жакшылыгы аз сыяктуу иргелген.
Сынай карап, сен дилиңди ачкыча,
Өмүр өтөт бир көз караш ирмемден.

Кайырма:
Бакыт күнүн күтүү менен жылдырба,
Биздин сүйүү калат балким миң жылга.
Бир болбосок, өмүр жолун карытып,
Бир махабат кала берет бул ырда.

Махабатка суусагансыйт жүрөгүм,
Күн карытып мейли сени күтөйүн.
Ачуусу да, таттуусу бар өмүрдүн,
Сени менен бир өтөөрүн билемин.

Кайырма:

Комментарийлер (28)

19.12.2011. 21:30
 Demon
эн соонун, эмгегинизге жана талантынызга таазим Гулнур айым...
20.12.2011. 02:00
 Al4ik
Гулнур эжекемин ар дайым ырлары уккулуктуу созу обону уну баары супер:-)
20.12.2011. 11:03
 Beles
keremet .
20.12.2011. 11:50
 Laden
Чындап мага обону жакпады.
20.12.2011. 14:49
 KURSHAB
баракелди Гулнур эже. ушундай ырларды ырдай бериниз.
20.12.2011. 16:34
 asil-08
созу эн сонун обону начар
20.12.2011. 17:20
 Ади
Бул ырдын создору Каныбек Иманалиевдин "Арзуу" деген ырынан алынган го. Майрамбек Омонов ырдап жургон.
06.01.2012 13:02
akdana
Ади, Омонов деген ырчыны биринчи жолу угушум же сындап жатып бир тамгасын ынчыга бердинби сынчы кылып
20.12.2011. 17:21
 Pakal
журок суйлоп жаткандагыдай ыр го
20.12.2011. 17:36
 Мэри
Ади,сизге толугу менен кошулам. Чын эле К.Иманалиевдин ырынан алыптыр. Ачык эле уурдап алган го... А обону жакпады.
20.12.2011 17:55
maradona
Мэри, бул жерде Гулнур эже аткаруучу,элге озунун уну менен жеткируучу. Ал эми авторлорунда кемчиликтер бардыр.
20.12.2011 21:53
Demon
Мэри,
сиздей катуу сын айткан сынчыны корбогон экенмин...
21.12.2011. 13:44
 tabiygat
Adi,Meri
men facebooktan "bul yr burmalanyptyr" Osmonov irdagan yr bolchu desem bul yrga avtor bolo kalgan Taichabarov meni jenip koigon "osurgan kyz osurbagan kyzdyn betin aymait" bolup kalgan...uuruluk menen ech jerge jetpesin bilip tenelbei koigom
21.12.2011. 18:54
 Agusha
соонун ыр экен негизи эженин баары ырлары жагат
22.12.2011. 11:43
 Ади
бул К Иманалиевдин создору
23.12.2011 08:50
LoLoPePe
Ади, yldyida sozdorun da okup chykkandy unutpa
25.12.2011. 12:13
 Green_Q
+
28.12.2011. 13:24
 dmk-85
жакшы
03.01.2012. 14:56
 Ади
башка ырдын бир сабын алуу да уурдалган болуп саналат. ал эми бул ырдын создорунун ордун алмаштырып коюп ырдый берген.
15.01.2012. 18:42
 Jamal
ырларыныз керемет!!! эмгегинизди баалайт калын эл. бар болунуз. бирок эмкиде клип тартканда машинаны кошпой эле коюнузу. режиссер сиз менен клиптин сценарийин кенешет болуш керек. Асманга тартылган клибинизди сонун болот деп куттук эле. критиканы туура кабыл аласыз деп ишенем. ушул ырыныз озгочо,клип дагы озгочолонуп турушу керек.
09.02.2012. 15:23
 Ади
Куздо кутуп жазда келген сезимди
Куйут бизге умут болуп сезилди.
Бул турмушта ансыз деле оксугом
Жал оорутпа жайнап турган козунду

Кездешкенче нур чачышып жуздордон
Куз да келди, гул саргайды биз коргон
Сен сырынды, мен чынымды айткыча
Омур отуп баратпайбы бир келген.

Айта албастан айтаар созду белендеп
Айттырбапсын айылга бир келем деп
Менсиз кантип журдун экен алыста
Дабыш чыкса коркоор элен элендеп
22.12.2011 16:17
Demon
Ади,
ырды толугу менен уурдап алган деп кантип айтып жатасынар эй... алгачкы саптарынан эле бир жери окшошуп кетпесе, таптакыр башка эле ыр экен...
23.12.2011 08:48
LoLoPePe
Ади, ancha myncha okshoshtuktary bolboso eki yrdyn sozdoru eki bashkacha bolup turbaiby kulakty uguu uchun bergen go kunt koiup ugup korchu anan uurdady dechi ):-(
12.02.2012. 13:16
 atam
Сен эн сонун ырчысы Гулнур эже сендей ырчылар коп болсо самапал ырчылар озунон озу жок болмок.
18.02.2012. 23:29
 mir091092
эн сонун ырдалыптыр!
18.04.2012. 18:58
 NBAA
Керемет...экен!!!
17.09.2013. 17:26
 Lazat
Саламатсыздарбы суперчилер ушул ырга супердин логотибин коюп коесуздарбы
25.01.2019. 02:34
 boss79
+++++5
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо