Урмат Усенов "Сенсиз"
03:54
3,59 Мб
Жүктөлгөн: 27-12-2011

Бул ыр Бактыгүл Бадыева менен биргеликте аткарылган
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(21 добуш)
Кайырма:
Асылым айдагы,
Күмүшүм күндөгү,
Кумардын күбөсү,
Жылдызым түндөгү.

Сүйгөн жокмун көздүн сулуусун,
Күткөн жокмун сөздүн жылуусун.
Бакытымды байлап бергенмин,
Махабаттын тандап улуусун.

Мезгил өтөр, күндөп, ай өтөр,
Менде дагы сүйүү гүлү өсөр.
Кимде күнөө талдап биле албайм,
Кирсиз сезим жана албай өчөр.

Дартсыз жүргөн даалай тынч жаным,
Дармек издейт сизди кызганып.
Бакытымдын багы гүлдөгөн
Жыпарыңдан чиркин жыттанып

Кайырма:

Табылганым таптым сезилет,
Тармал чачың сылай эзилем.
Талаайымдын таңын атырган,
Таң сулуусу сенсиң керилген.

Илебиңе күйдүм алсызмын,
Илдет чапты сенсиз жалгызмын.
Тандап алган жүрөк бутасы,
Түгөйүмүн сиздей жалгыздын.

Дартсыз жүргөн даалай тынч жаным
Дармек издейт сизди кызганып.
Бакытымдын багы гүлдөгөн
Жыпарыңдан чиркин, жыттанып

Кайырма:

Комментарийлер (41)

28.12.2011. 20:12
 edward_kg
Урмат мындайга барбайт мурунку ыры болуш керек
28.12.2011. 21:44
 maradona
кулкуну келтиресинер да. эмне ырдаса болбойбу. Саясат менен артистердин урушуна ишенбегиле силер.
28.12.2011. 21:56
 kitty
aapei bul ka4anky yr?
28.12.2011. 23:56
 Ashan
Бул эски ыр
29.12.2011. 09:25
 elvira1980
Ага анча деле жининерди келтирбей деле койгула замандаштар.Орусияда ырчылар аялы менен ажырашып кетсе деле дос бойдон калышат ко.Кайра эле ырдай беришет.Эми Нелянын пешенесине Урмат буйруган да.А Бактыгул деле мыкты ырчылардаын бири.Ага деле пешенесине жакшы кыргызымдын бир жигити тургандыр.Жакшы ыр азаматсынар!Ийгилик силерге!жаны жылынар менен замандаштар!
29.12.2011. 12:07
 Cyldyzka
eköö kız cigit dle boluşpasa kerek ele
29.12.2011. 18:13
 rahilka
Бактыгул молодец суперсин сен
30.12.2011. 03:03
 gulmira.kg
Бадиева азаматсын.дайыма алга бас.артка кайрылба!
01.01.2012. 02:40
 azamat1992kg
Бул эски ыр го?
01.01.2012. 16:16
 oroz
бул ырдын чыкканына коп болду го
02.01.2012 22:16
angellove
нарооод бул эски ыр. вы че не слышали раньше?
03.01.2012. 08:25
 miya_27
negizi Urmat m Baktygul bash koshso sonun bolmok jal......sonun yr eken
03.01.2012. 09:06
 zakon
достор урмат неляны таштабасына ишенем бактыгул озу айткандай эркектер маймылдан кичине эле айырмасы болсо болду деп айтат ошол маймылына эле тийсин аа калган эркектер адамга эле окшош
05.01.2012. 20:24
 kuttum seni
Бактыгул эле Неля эле деп аябай талаш тартыш болуптур го =)) Кудайга шугур эки баланын ата энеси азыр Урмат менен Неля)) Бадыеванын да келечеги алдыда..Тигини алса болмок, буга тийсе болмок деген кундо деле Урмат Неляны алды..эми ал оздорунун жеке жашоосу... Ыр жонундо айтсам, ыр эски экени билинип турат.. Урматтын унун азыр озгоргон кичине.. Урмат менен Неля коп коп дует ырлардан жаздырса дейм ))
06.01.2012. 12:57
 akdana
ушунчалык шумдук сынчы экенсинер озу силер сахнаны аттай аласынарбы жашоо тартышы менен кызык да эмне мынча куйуктунор жошоодо эч уруш болбосо анча-мынча сынчыларыбыз тартыштыра коет тура алга кыргызымдын жылдыздары силер менен сыймыктанам
27.01.2012. 23:47
 vaselisa
Экоо бирге ырдап калса эле жаман ойлорду кетируу туура эмес ....!!! Эн башкысы жатып алган жокта....... Талантын баалавайсынарвы , жашоосун эмес....
17.05.2012. 10:36
 nasi
ужассно спели
14.06.2012. 17:50
 JUROK
Бул ыр мага абдан жагат.
16.08.2012. 23:42
 Tazash
бадыева жагат мага Нэля не очень
21.08.2012. 00:38
 Nur-kg-90
Жаны эмес качанкы ыр))) 2жарым жыл болду окшойт чыкканына
17.11.2012. 07:21
 chicagogirl
Урмат менен Неля сонун жубайлар!
27.12.2012. 03:24
 bambucha
Урмат Нелянын жинине тийиш үчүн ушул ырды коет экен ))
тамаша
24.02.2013. 06:07
 Baurjan
Tartip kaida dostor. ...?????Bul jazgan sozdordu kancha adamdar okuuit. ...???????
19.07.2013. 21:52
 sani--85
Туура айтасын Тазаш Урмат сулуусун тандабай кунигин тандап алдыго Бактыгулду алганда вообще дуеттери хит болмок эл суктанып эле калмак
30.10.2013. 17:04
 ales
ау-ау наушниктен сонун угулат экен. Чын эле экөө үйлөнсө супер семейка болмок болуш керек. Анткени Бактыгүл Неляга краганда көбүрөөк сүйгөн болуш керек Урматты. Бирок Неля экөөбүз окшошпуз да, ал бир эле кыздан тартып кетсе, мен үч кыздан тартып кеткем...да да достор
17.01.2014. 05:11
 Anqelina2
Эххххххххххххххххххххххххх, кандай сонун ырдашкан.Кунуго уккандан тажабайм. Экоо ажырашпай эле койушканда кандай сонун болмок. Бут кыргызстан суктанып эле карап калышса керек эле.
17.01.2014. 05:18
 Anqelina2
Даа sani-85 туура айтасын Бактыгулду алганда дуеттеринин хит болушуна мен дагы ишенем. Себеби Неля менен ырдаган ырларын суйуп уккн деле адам жок го.
26.07.2014. 02:13
 malik.87kg
урмат туура тандаган неляны уйбулолук бакыт
28.02.2015. 21:06
 eldar87
Экоо турмушта да бирге болушса сонун болмок.
13.04.2016. 23:38
 batsam
Salamatsynarby super info. Usenovdun Leila anan dagy Mahabat degen yryn juktop koiunuzdardy suranych. Aldyn ala raazychylyk.
06.08.2016. 23:27
 AltynaiAltynai
супер-инфо ушул ырдын созун жазып койгулачы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо