Дайыр Исмадияров "Досторум"
04:30
4,13 Мб
Жүктөлгөн: 10-01-2012
Жанр: Поп
Сөзү:Акылбек Жумаевдики
Обону:Акылбек Жумаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(25 добуш)
Досторумду капа кылып албайын,
Досторума бир сап ырды арнайын.
Бирге көрүп бул жашоонун жыргалын,
Ден-соолукта жүролүчү ар дайым.

Жүрөктөрдү биз оорутуп албайлы,
Тамашаны чындай кабыл албайлы.
Бирөөлөрдүн кирип жаман тилине,
Досторум эй, жүз карашпай калбайлы.

Кайырма:

Эй, досторум, досторум,
Жаштык гүлү соолбосун.
Жараткан соң силерди,
Кудай өзү колдосун.


Жаштык өтсө келбейт кайра кайрылып,
Калгым келбейт мен достордон айрылып.
Ойноп-күлүп өткөрөлү жаштыкты,
Калбагыдай болуп кийин кайгырып.

Жүзүңөрдөн күлкү нуру кетпесин,
Кырсык куусун, бирок, такыр жетпесин.
Арнап жазган ушул бир сап ырымды,
Ар бир досум угуп мени эстесин.

Кайырма:

Комментарийлер (30)

10.01.2012. 15:08
 musulmano4ka
Мааниси сонун экен жакты))
10.01.2012. 16:06
 raim
Жаны ХИТго.Азаматсын Дайыр.
10.01.2012. 16:13
 munot
Досторум эй, жүз карашпай калбайлы.Жашоодон алынган создор экен.Жакшы ырдаптыр.Красавчик.
10.01.2012. 16:44
 spinkub
Жакшы маанилуу экен мага жакты!
11.01.2012. 00:31
 gulgaaky
Сонун ыр экен жакты :)
11.01.2012. 00:56
 Камал
Даир красавчик, эми ушул клибине чирайлуу клип тартсан сонун болмок
11.01.2012. 11:51
 Rulan
Мыкты чыгарма болуптур!Азаматсын Дайыр!!!Чыгармачылык ийгилик сага!!!
11.01.2012. 17:50
 maks88
Да сонун ыр го! Азаматсын Дайыр!
13.01.2012. 10:04
 gulnara5
Жакшы чыгыптыр и маанилууда экен
19.01.2012. 12:27
 Sanjar_Osh
Дайырчик!!! Азамат! мага жакты, на конец то, кочуруп алдым...
19.01.2012. 13:38
 jankajan
Балдар койгулачы эми ушу да ырбы, сөзү жакшы экен, бирок ырдап жаткандын денгээлин карабайсынарбы. Тамагы ооруп жаткандай, голосу жок эле бирөөнү мактай бергенде эмен, ачык айталы да. Кыйналып ырдап жатат бала. Мен угуп жатып, эки жолу жөтөлүп, менин голосум чыкпай жаткандай сезилип кетти. Дайыр ОТСТОЙ!
19.01.2012 22:08
asanchik
jankajan, Cен ушул Кадыржан окшойсун Дайырдын ийгилигин коро албай ичин куйуп жазыпсын.Бир сонун эле ырдаптыр мага мисалы абдан жакты.Дайырдын тембри сонун.Красавчик Дайыр.
29.01.2012 02:29
Ozelim
jankajan, ii maakul yrday albayt eken... Sen ozung yrday alasynby ushunday? Myshyk mayga jetpey sasyk deyt!!! Sen dal ozu ekensin
02.02.2012. 16:09
 timika
Сонун ыр экен азамат.Клипин кутуп журобуз.
05.02.2012. 14:57
 Erzhan
Yrdap jurgongo jakshy yr eken! Azamatsyn!
11.02.2012. 00:50
 Aida12
супер ыр
28.02.2012. 06:21
 4alma
Дайыр тага. Досторум деген ырыныз аябай жакты. Ушу ырынызды угуп, досторумду аябай эстедим. Jаnкаi jаi менин тагама тийишпе!!! Озун биринчи ырдап алсан. Дайыр тага ийгилик, ушуга окшогон ырларды коп коп чыгарыныз! Жеениз Азамат, Анарчик
30.07.2012. 09:59
 Simple_angel
Ыр да,клип да сонун
01.08.2012. 12:16
 doni_killer
мыкты ыр азаматсын
26.10.2012. 10:10
 Imran
жакшы ыр,минусун табыш керек.
15.02.2014. 12:29
 imankadyrov
ушунундан жазба
15.02.2014. 12:32
 imankadyrov
Эркексин Дайыр брат! Жаман создорго тээрикпей иштей бер. Иттер уро берет, кербен журо берет дегендей. Удачи тебе братан!
15.02.2014. 12:35
 imankadyrov
Супер инфо! Ушул сайттан ыр жуктой албай кыйналып атам, жардам бергилечи?
16.02.2014. 17:58
 admin_media
imankadyrov,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
19.02.2014 22:11
imankadyrov
Супер инфо! Опера мобил браузерин кайдан алам?
Комментарийлерди жашыруу
20.02.2014 09:36
admin_media
imankadyrov,
Opera mini браузерин көчүргөндөй эле, аны да көчүрөсүз телефонуңузга. Суроолор болсо купуяга жазып койсоңуз, рахмат!
30.11.2014. 00:44
 roza.
Азаматсын ийгилик
13.04.2015. 14:59
 admin_media
ArGeN4iK,
Саламатсызбы!
Уюлдук телефон менен кирсеңиз оpera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
25.12.2016. 10:35
 kilim
Соонун ырда маанилуу
12.07.2018. 17:21
 Jar-Bashy98
Соонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо