Булан "Өзүмдү сага беремин"
03:16
3 Мб
Жүктөлгөн: 18-01-2012
Жанр: Поп
Сөзү:Булан
Обону:Булан
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(15 добуш)
Узакка кеткен оболоп үнүмдү сага беремин,
Сезимди бийге келтирген сүйүүмдү сага беремин.
Алоолоп күйгөн түтүнсүз арымды сага беремин,
Жүрөктү турган камчылап канымды сага беремин.

Түшүмдө сени көрүп ойгонуп,
Талпынып сага, жаным, келемин.
Жанымды жөнсүз жаралап кыйнабай,
Өзгөчө дүйнөм менен,
Мен өзүмдү сага беремин.

Кайырма:
Көп кыздардын арасынан сени тандадым,
Жаз гүлүндөй сулуулугуңа, жарым, арбалдым.
Оо, өзүңө ашык болдум жалгыз өмүрдө,
Жан шеригим, жана берчи, мен карып өткөнчө.

Суурулуп чыккан ааламдан сөзүмдү сага беремин,
Өрт болуп кокус жаралган жүрөгүм сага беремин.
Жан дүйнө бирге жаралып, жалжалым, көңүл табалык,
Жалындап күйүп түбөлүк, жашоодо бирге жаналык.

Түшүмдө сени көрүп ойгонуп,
Талпынып сага, жаным, келемин.
Жанымды жөнсүз жаралап кыйнабай,
Өзгөчө дүйнөм менен,
Мен өзүмдү сага беремин.

Комментарийлер (9)

18.01.2012. 18:24
 ezsuyu
Сонун анигдот экен :)
30.01.2012 14:42
lhl
ezsuyu, ха ха ха туура айтасын
06.02.2013. 00:03
 Chyna91
Силер озунор эн кулкулуу анегдотсунар!!! Буландын ырлары эн жогорку денгеелдеги супер ырлар!!! Ар бир ыры журокту эргитет...
26.09.2013 18:48
mamirova
Chyna91, туура айтасын БУЛАНДЫН ар бир ыры сонун жана укмуш жазылган озун обонуда ырына топ келет
21.09.2013. 16:04
 ms.nazima
it uroo beret,kerben juro beret!soz eesin tabat!Bulan baikege iygilik
24.09.2013. 02:26
 nuishka
)))))эх ушу кыргызым жамандагандан алыыс эле журолучу биринчиден ушул жаман дегендер оздору жаман.........булан байке молочина ушундай уккулуктуу ырлардан коп-коп жарата берин
13.10.2013 01:22
Chyna91
nuishka,
туура айтасыз....
19.03.2015. 20:41
 Chyna91
Бироонун ийгилигин коралышпайт. Соз кылдырып эле койсо буларды
17.12.2015. 01:25
 xake95
Кыргыздар бири бирин көрө албайт ошого кыргызстан өнүкпөйт мына орустар биронүн кичне өнөрү болсо ооооо молодец деп ордунан тура калып кол чабышат а биз болсо кайра жамандйбыз ээ ушу ырды ырдагыча ырдабай еле кой деп бири жаман болсо экинчиси жакшы болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо