Кубаныч Сатаев "Жан досум"
03:23
7,79 Мб
Жүктөлгөн: 18-01-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ж.Турсунбаевдики
Обону:К.Сатаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.55/5
(11 добуш)
Армандар ичке толгонун,
Айтаарга адам болбоду.
Сыйлашып жүргөн достор көп,
Сырдаштан бирөө болгону.

Достуктун шертин танбаган,
Дайыма колдоп, жандаган.
Түйшүктүү ушул жалганда,
Күйүттө бел болгон,
Күлкүгө дем болгон,
Досу жок деги барбы адам?
Айтчы, барбы адам?

Бак-дөөлөт консо башыңа,
Ким келбейт дос деп жаныңа.
Кыйналсаң анын бири жок,
Кан досуң чыдайт баарына.

Жан досум мага көп айтты,
Кайратың болсун деп айтты.
Түйшүктүү ушул жалганда,
Сүйөөрүң көп болсун,
Санааң жок болсун,
Сабырың болсун деп айтты.
Досум көп айтты.

Кызмат дос, аш дос, акча дос,
Курчабайт сени канча дос.
Тар жолдо тизгин талашпас,
Табыла бербейт накта дос.

Достуктун шертин танбаган,
Дайыма колдоп, жандаган.
Түйшүктүү ушул жалганда,
Күйүттө бел болгон,
Күлкүгө дем болгон,
Досу жок деги барбы адам?
Айтчы, барбы адам?

Комментарийлер (9)

18.01.2012. 16:13
 tika
Ва Алхамдулилла! АЛЛАХ учун Дос
болуу бул кыямат куну да ата энен
сенден баш тартканда досун АЛЛАнын алдына келип досумдун ордуна
мен тушойун деп тозоктун отунан куткарганга жандалбастаганда сени
да досундуда АЛЛА оз мээримине
алып куноолорунду кечирип
бейишке киргизет экен. Карачы АЛЛАХ
жолунда дос куттуунун пазилетин.
АЛЛООХУ АКБАР!
18.01.2012. 17:33
 aikush
эн жакшы чыгарылыптыр азаматсыз Кубаныч байке,атанын уулу деген ушул!
18.01.2012. 23:59
 zigana
Эээн сонун болуптур!!!
19.01.2012. 15:47
 cholpon_b
Abdan jakshy eken, iygilk sizge!
21.01.2012. 18:45
 Aslana
Баракелде соонун ыр болуптур.
31.01.2012. 17:32
 Danmaz
Bul irdi marshrutkadan ugup kaldim ele, tappay tappay ushul super.kg salamat bolsun, taap berdi. Kubanich negizi ele krassavchik eken. Ununo bereke, orkundoy ber !
31.01.2012. 18:18
 subaruchan
Ыр эн жогорку класста экен. Кубаныч Сатаевге рахмат, анан дагы Кубаныч сиздин атанызга да чон таазим. Ал кишинин ырларын жакшы коруп угам.
15.02.2012. 12:10
 Jiza
Кубаныч мырза акыркы убакта чон изденуу менен иштоодо.Чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз! Ырдын мазмуну, обону абдан жакшы экен! дос ж-до ырлар аз, буйурса бул ырдын келечеги бар!Туболуктуу достор коп болсун!
28.06.2014. 14:52
 shamil.manas
bakdoolot konso bashyna dosum dep kimder kelbeyt janyna kyinalsan anyn biri jok
kan dosun chydayt baaryna
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо