Асылбек Өзүбеков "Өмүрзар"
03:23
3,11 Мб
Жүктөлгөн: 23-01-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:К.Урмамбетовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.55/5
(11 добуш)
Көз жетпейт көр дүйнөнүн тереңине,
Сөз жетпейт кайрымы жок кереңине,
Күмүштөй күндөрүмдү күүп алып,
Үлүштөй кайра мага берери не?

Октолот өргө кетип сайран өмүр,
Токтолот көргө жетип кайран өмүр.
Бир күндүк ырысыңа күлкү минип,
Миң жылдык жаш сүйүүнү байлана жүр.

Бал сындуу уу ичирген жашоо жалган,
Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган.
Биз кетсек, комуз калат ырлар менен,
Билгенге жалгыз чындык ошол арман.

Жолоочу жол таба албай бала күндө,
Чолоо таап, айтып койбой кабарын же.
Алтындай ай жылдарды артка таштап,
Алдыда андан кымбат табаарым не?

Жылт этип күмүш күндөр калат алыс,
Жыйналбай мезгилдериң алыс, алыс.
Эң кымбат жылдарды биз жолго чачып,
Эй досум кайда шашып баратабыз?

Датымды айткым келет Теңирге мен,
Асылды теңеп койгон темир менен.
Асылды табамын деп алтын издеп,
Асылды жоготобуз өмүр деген.

Жашайбыз бала күтүп,кайрым тилеп,
Жашайбыз жадагандан кайгы-муң жеп.
Жан барда арман жоктой күлдөй жүрчү,
Жашайбыз дагы канча ай ким билет.

Бейиттер карызыңды козгоп сурап,
Адамдык парызыңды боздоп турат.
Бедериң бир ууч гана боз топурак,
Аларың бир ууч гана боз топурак.

Бал сындуу уу ичирген жашоо жалган,
Байлыгың, бийлигиң да кошо жалган.
Биз кетсек, комуз калат ырлар менен,
Билгенге жалгыз чындык ошол арман.

Комментарийлер (8)

24.01.2012. 15:34
 kattoo
ырлары ушунчалык маанилу голосуда соонун ийгилик сизгэ
28.01.2012. 12:25
 beka8585
сонун ыр абдан манилуу
28.01.2012. 12:30
 beka8585
жашайбыз дагы канча ай ким билет эн туура бул жалганда эч ким билбейт канча жашарын
29.01.2012. 10:09
 stargirl
soz jok super takir toluk variantynda tappay jurdum ele....
29.01.2012. 14:35
 Fernando
Asylbek baike 5
03.02.2012. 16:39
 konya
Асылбек байкеге чоооон 5 жана5
07.04.2012. 20:49
 caida
терезе карап отуруп уксан сонун да.
03.07.2012. 02:12
 MARUSIA
Иииий сонун да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо