Гүлбү Ороскул кызы "Арзуу"
04:09
3,82 Мб
Жүктөлгөн: 24-01-2012
Жанр: Фольклор
Сөзү:Ж.Исабаеваныкы
Обону:Б.Мамаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.41/5
(29 добуш)
Көңүлгө да көңүл тушалып,
Көрүшпөс болуп узадык.
Көңүлдө калды, а бирок ай,
Көксөткөн санаа, кусалык.

Байыр алып, басып наздана,
Баш ийип калдың башкага.
Бактылуу кылып башканы сен,
Бактылуу болдуң аз гана.

Сагындым, мынча сезбейсиң,
Сезесиң, сен да эстейсиң.
Томогоңду үзүп бир ирет,
Анда не келип кетпейсиң?

Агарып таңдын атканы,
Кызарып күндүн батканы.
Кызыксыз мага өмүрдүн,
Өзүңсүз өтүп жатканы.

Комментарийлер (8)

13.04.2012. 22:23
 benslife
gulbu eje dagy da sizden jakwy 4ygarmalady kutobuz...ayabai kop izdegem uwul yrdy.superdin jaamaty sizderge da rahmat,juktop koigonunuzdarga.siler SUPERSINER!!!!!!
15.04.2012. 01:16
 rahad
daana menin jawoomo top kelgen ir eken
22.10.2012. 19:56
 asylzat_meka
эн сонун ыр! кичинемен жакшы кором!
29.10.2012. 13:46
 altynkamikola
бактылуу кылып башканы сен бактылуу болдун аз гана!
29.10.2012. 13:51
 clever777
Эн сонун ыр. Менин турмушуман алынгандай. Уккандан да тажабайм.
17.04.2014. 05:38
 Tariel_tt
Кандай сонун ыр.
13.04.2015. 18:02
 munarbek15
jakwy yrlardy jarata berin
04.04.2018. 20:12
 bayan_toktomushov
Укмуш соз жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо