Чыңгыз Мырзаев "Бир тууган"
03:04
2,83 Мб
Жүктөлгөн: 26-01-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.93/5
(15 добуш)
Бир тууганым, шам чырагы бүлөмдүн,
Бир атадан, бир энеден төрөлдүк.
Ак сүтүңдү бизге берген ата-эне,
Тизе бүгүп, таманыңдан өбөрмүн.

Кайырма:
Аска зоо бир тууганым,
Сенсиң багым,
Бек болсун дайым өмүр жаның,
Бек болсун дайым өмүр жаның.

Бир тууганым - дарагымдын тамыры,
Түндүгүмдөн күндөй агып жарыгы.
Кайда барба, кандай өмүр кечирбе,
Силер менен жүрөгүмдүн жарымы.

Кайырма:

Бакыт сепкен байлык өңдүү нуруңдан,
Башкада жок мээримиңе жылынам.
Силерге деп сактап койгон түгөнгүс,
Сүйүүм бар жүрөгүмдө уюган.

Кайырма:

Комментарийлер (12)

27.01.2012. 09:59
 Asul
Да..! Бир тууганым, бек болсун дайым омур жанын. Эн сонун ыр.
31.01.2012. 15:19
 jasgul
бир тууганым шам чырагы буломдун.... бар болгула бир туугандар
14.02.2012. 14:33
 akunisa
chingiz mirzaev asamatziz a9abay sonun ir eken.bir tuugandarimdi saginip kettim.
27.04.2012. 15:10
 Rusbubu
Бир туугандарыбыз аман болсун!Чынгыз байке супперсиз!
02.11.2012. 11:19
 Nusia
Бир туугандарыныз аман болсун. Бирок, неге клипке бир тууганынызды тарткан эмессиз?
02.03.2014 01:01
zulfia15
Nusia,
Чынгыз байке озу жалгыз уул ал эми карындаштары кичинекей ошон учун болсо керек
23.01.2013. 12:49
 Xan
сонун ыр,Чынгыз Мырзаев кайда кетти? ырлары сонун эле. Бирок,туура кылды элге жакшы аты менен калды да!
09.07.2014. 08:06
 Akylai_aktan
Bir tuugandarymy sagyndym men dagy,daiyma aman bolushsun!
15.07.2014. 12:53
 Samandar
Журогум оттонду бир тууган иним кокустан авария болуп машина ичинде кошо куйду,арман ушунчалык да болобу,кайран иним 23 майда уйлонду эле 10 июльда кете берди 40 кун да жашабады
28.08.2014. 18:24
 MilliaRdova88
Менин бир тууган агам отуп кетти болгону 32 жашта болчу
28.08.2014. 18:25
 MilliaRdova88
Журогумду сыздатып кетти....
08.02.2015. 14:32
 Bogotik
tundugumdon kundoi agyp jarygy
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо