Аскат Мусабеков "Лейли"
05:57
5,46 Мб
Жүктөлгөн: 27-01-2012
Жанр: Фольклор
Сөзү:М.Керимбаевдики
Обону:К.Болоткановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.51/5
(43 добуш)
Арнаймын сага ырымды, Лейли,
Айтайын болгон сырымды, Лейли.
Арналган алтын белегим ушул,
Ардактап туткун мунумду, Лейли.

Жоодурап анча кадала, Лейли,
Жүрөгүмдү эзип караба, Лейли.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп күздө,
Жүзүңдөн жаным, садага, Лейли.

Тал чыбыктай буралган, Лейли,
Тараз бир боюң кыналган, Лейли.
Теңдеши жок сулууга сендей,
Тең кылабы бул жалган, Лейли?

Кашкая тартып, күлөсүң, Лейли,
Канжарсыз толтом тилесиң, Лейли.
Кайгыңды тартып камоодо жүрөм,
Мунумду качан туясың, Лейли?

Улуу бир тоого чыгалы, Лейли,
Улардын үнүн угалы, Лейли.
Уларча сайрайт чын ашык деген,
Ушуну даана туялы, Лейли.

Ак шайы, жибек жоолукчан, Лейли,
Алмалуу бактан жолуксак, Лейли.
Алкымыңан кангыча жыттап,
Айыкпас дарттан соолуксам, Лейли.

Ак кептер болуп консоңчу, Лейли,
Ак шумкарың болсомчу, Лейли.
Ак ала зоого алпарып анан,
Алкымыңан сорсомчу, Лейли.

Көк кептер болуп консоңчу, Лейли,
Көк шумкарың болсомчу, Лейли.
Көк ала зоого көтөрүп барып,
Көмөкөйүңдөн сорсомчу, Лейли.

Эр Семетей, Айчүрөктөй, Лейли,
Эл козутуп, сүрөтпөй, Лейли.
Эриш-аркак өтсөкчү бирге,
Эгиз бүткөн жүрөктөй, Лейли.

Желкайып менен Байыштай, Лейли,
Жабыгып ордо кайышпай, Лейли.
Сүйүүнүн даамын татсакчы бирге,
Курманбек менен Каныштай, Лейли.

Алдыда аска, үстү таш, Лейли,
Аскада калган Кожожаш, Лейли.
Өмүр бою өрттөнүп сүйгөн,
Зулайкадай жарлар аз, Лейли.

Тинатин, Нестан-Дарежан, Лейли,
Дүйнөгө даңкы тараган, Лейли.
Сүйгөнүнө акыры жетип,
Чын ашык болгон арадан, Лейли.

Кулмырза менен Аксаткын, Лейли,
Гүлүндөй эгиз бакчанын, Лейли.
Сүйүүдөн жанган шам болуп алар,
Көзүнө түшөт өз жактын, Лейли.

Олжобай менен Кишимжан, Лейли,
Бири таеже, бири жээн, Лейли.
Кыйылды кырчын курактан алар,
Ойлогон сайын кейитет, Лейли.

Ак Мөөр менен Болоттой, Лейли,
Хан каарын сезип, тоготпой, Лейли.
Ашыктан шейит болушкан алар,
Айтылып калды жомоктой, Лейли.

Темиркул акын айтылуу, Лейли,
Телмире жазган Айсулуу, Лейли.
Теңдеши жок өзүнөн башка,
Тең келет ага кай сулуу, Лейли?

Кызылды кийсең, жарашат, Лейли,
Кызыгып элдер карашат, Лейли.
Кадыркеч кылып ала көр, жаным,
Кайран жаш өтүп баратат, Лейли.

Жашылды кийсең, жарашат, Лейли,
Жарданып элдер карашат, Лейли.
Жароокер кылып ала көр, жаным,
Жалын жаш өтүп баратат, Лейли.

Кызыл бир парча көйнөкчөн, Лейли,
Кыялай бассаң бөйрөктөн, Лейли.
Кылыгыңды бир жолу сезип,
Кылчайбас жакка мен кетсем, Лейли.

Жашыл бир парча көйнөкчөн, Лейли,
Жайкала бассаң бөйрөктөн, Лейли.
Жамалыңды бир жолу жыттап,
Жалганымдан мен өтсөм, Лейли.

Бул дүйнөдөн мейли өтсөм, Лейли...

Комментарийлер (41)

19.03.2012. 18:30
 uran
Азамат...ырдын коркуно чыгара ырдаптыр!Эч убакта олбогуло КЫРГЫЗЫМДЫН булбулдары! Ар дайым аман болгула, адам болгула!!!Ак Жол!!!
20.03.2012. 11:52
 asash04
дагы жакшы ырларынан берип койгула
24.03.2012. 18:16
 asash04
ушул ырдын сөзүн жазып койгула сураныч
25.03.2012. 20:06
 nurbaKG
очпос талант болуп кала бер Аскат!!!!!!
26.03.2012. 14:59
 asash04
азаматсың аскат ушунуңдан жазба ушул ырдын сөзүн жазып койгулачы сураныч
27.03.2012. 14:20
 skatoruk
сонун го
31.03.2012. 23:37
 Abiloverlan
Бар бол!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
08.04.2012. 21:40
 krysa
Оууу. Маршруткадан угуп калып 1 бир жума издеп журуп таппадымбы. Рахмат Аскатка .
23.04.2012. 14:02
 zarina86
молодец 5 5 5 5 5
26.04.2012. 04:20
 toktonazarova
жакшы экен
26.04.2012. 19:54
 samatoff
СОРГОНУ ото эле кулака жаман угулат экен, жылмалап койсо болмок экен
27.04.2012. 22:42
 JIBE4KA95
Ким соз менен ноталарын билсе жазып бергилечи, сураныч!
01.05.2012. 19:50
 alfa-romeo1991
yrahmat yraazymyn sizge leili orduna gulum degen sozdu koiso kandai bolot?
03.05.2012. 18:14
 Jumi_88
Аскат брат соз жок
04.05.2012. 15:29
 kutush
Аскат Мусабеков-Махабат Дастаны

Арнаймын сага ырымды Лейли
Айтайын болгон сырымды лейли
Арналган алтын белегим ушул
Ардактап туткун мунумду лейли

Жоодурап анча кадала лейли
Журогумду эзип караба лейли
Жузумдой бышкан молтуроп куздо
Жузундон жаным садага лейли оо

Тал чыбыктай о буралган лейли
Тараз бир боюн кыналган лейли
Тендеши жок а сулууга сендей
Тен кылабы го бул жалган лейли

Кашкая тарт
04.05.2012. 15:30
 kutush
Кашкая тартып кулосун лейли
Канжарсыз толтом тилесин лейли
Кайгынды тартып камоодо журом
Мунумду качан туясын лейли

Улуу бир того чыгалык лейли
Улардын унун угалык лейли
Уларча сайрайт чын ашык деген
Ушуну даана туялык лейли оо

Ак шайы жибек жоолукчан лейли
Алмалуу бактан жолуксак лейли
Алкымынан оо кангыча жыттап
Айыкпас дарттан соолуксам лейли оой
08.05.2012. 17:54
 Нургуль
Соонун болуптур.
08.05.2012. 21:25
 Nuru88
ваааай акыры уктум ээ ушул ырды,мен да бир жолу маршрутта угуп калган елем да,сооооооонун болуптур,Аскат байке ийгилик,чыгармачылыгыз оркундой берсин
08.05.2012. 21:26
 Nuru88
ииии баса рахмат кочуруп койгонунуздар учун,ушул ырын суранган елем кочуруп койуусун
11.05.2012. 22:58
 jyrgal-84
:)))))) азаматсын сонун болуптур.
14.06.2012. 13:00
 goretz
Абдан жакшы, сонун болуптур, түбөлүк ыр болот бул кудай буюрса. Текстин да кошкулачы жаттап алалы
14.06.2012. 13:04
 goretz
Буга клиптин да кереги жок, колдон келсе клип тартпай эле койгулачы, себеби аудио бойдон түбөлүк калат
16.08.2012. 13:02
 menedjer
маааааааанилуу ыр экен
29.08.2012. 17:19
 Oskara
Бали! бали! Азаматсын Аскат. создорун айагына чейин жазып койгулачы сураныч!
13.10.2012. 19:50
 RainaDiamond
Abdan jakwi ir eken kancha uksam da tajabadim:)
20.10.2012. 10:42
 saruevna
Аябай сонун кылып аткарыптыр.Азаматсын Аскат!
13.11.2012. 23:24
 fanatkg
Соз жок, супер!
01.09.2013. 22:52
 k-rollan
Журогум элжиреп кетти :(((
28.01.2015. 00:59
 nookat
Голосу соонун байкенин
23.02.2015. 01:16
 tin90
ой издеп журуп таптым аааа вай кандай соооонун ун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо