Гүлсүн Мамашева "Сагынуу"
03:30
3,21 Мб
Жүктөлгөн: 01-02-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:Н.Байтемировдуку
Обону:Р.Абдыкадыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(12 добуш)
Бүркөк асман жарк дегенсипчагылган
Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да ойлоп сени жатамын,
Ошол күндөр жаралгансып канымдан.

Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге отурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшашчу,
Алыс калды алма жыттуу курактар.
Чертчү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.

Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым го жолукчу күн ай башын.
Мурункудай күтүп жүрөм азыр да,
Булбул куштун тереземден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?

Комментарийлер (11)

01.02.2012. 18:55
 Atambek
Гулсун ырын соонун!
05.02.2012. 18:31
 Fernando
kempirskii yr eken
05.05.2012. 11:31
 Ziresh
Сонун экен мага жакты
15.06.2012. 23:56
 uLiUs
abdan soonun!!!
28.03.2013. 19:58
 kschopa
Комментарийлер кантет О_о
Силердин ата-этенелеринерден дагы улуу эже, билесинерби? Абайлап жазсанарчы.
03.05.2013. 15:07
 malsirun
fernanda муну класика дейт жапайы
11.02.2014. 12:02
 hakker
Кемпирский ыр экен деп жаткандар бул ыр мин жылда бир жаралчу обончу Рыспай Абдыкадыровдун обону экенин,ал эми аткаруучусу кайталангыс талант Гулсун Мамашева эжебиз экенин тушунбосо керек.Булар тарыхта калчу инсандар.Аны тушунбой эле Гулсун деп сенсиреп...Сындагандан мурун озум кыргыз элине эмне жумуш кылдым деп ойлонуп корсонор болмок экен.
05.05.2014. 23:43
 Kg.lady
Кылымда бир жаралчуу инсандарды мазактоодон мурда, мен киммин деген суроого жооп издеп корсок кантет. Же, Гулсун Мамашева ким деп, бир жолу ата-эненерден сурап койгулачы бай болгурлар. Батыштын данка-дунк, реп-рокторун угуп журуп, мээлер деле кагылып бутуптурдааааа!
27.11.2014. 17:39
 gul91
Кыргызымдын кылымдар жашап келген куулорун, мында ары да кылымдарга жашай турган кайрыктарын созолонткон булбулдарыбыздан айланып кеткиле!!! Жон гана угуп койгула, ар нерсе деп сын такпай, маанисин тушунуп жетпеген сон.
24.07.2015. 20:25
 dastan_nookat
Гулсун эжеде талант бар!
18.05.2017. 01:18
 aytunuk
Гулсун эже талантынызга таазим кандай сонун обонунуз угуп отурсан чарчабайсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо