Zari "Жалган сүйүү"
04:40
4,27 Мб
Жүктөлгөн: 06-02-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(12 добуш)
Сүйөм дедиң, көзүң айтат калпыңды,
Ойноп айттың, оюң дагы салкынбы?
Буга чейин алдаптырсың көп кызды,
Бул жолкуда бузат окшойм салтыңды.

Эркелебе, калпың калды билинип,
Күлүп койсом алдың го сен сүйүнүп.
Кара тизме жазып жүрөм жүрөктө,
Сенин атың калды анда илинип.

Кайырма:

Эркелетпе, эркелетчү сен эмес,
Сөзүң мага тамашадан бир элес.
Колун сунуп чуркагандар толтура,
Ашса ашат, бирок сенден кем эмес.

Жаным дедиң жалган айтып жалдырап,
Билем, бул сөз көп кыздарды азгырат.
Жылуу сөзүң жибитсе да жүрөктү,
Сүйө албайм, сезимимди камчылап.

Эркелебе, калпың калды билинип,
Күлүп койсом алдың го сен сүйүнүп.
Кара тизме жазып жүрөм жүрөктө,
Сенин атың калды анда илинип.

Комментарийлер (7)

12.01.2013. 13:35
 shirin27
Kokuyyy emne degen ir, ashsa ashat Birok sendn kem emes Jon ele sozgo maktanganday.
06.05.2014 10:21
dastan_nookat
shirin27,жакпаса укпай еле кой зари еже жакшы ырдаган мага жакты
18.10.2014 00:57
Aidaika92
shirin27, завидуй молча
06.05.2014. 10:17
 dastan_nookat
Супер 5
06.05.2014. 10:23
 dastan_nookat
Зари эже сизге чыгармачылык ийгилик калайм!
23.05.2014. 20:43
 altynka95
Ушул ырды радиодон суранып укчумун
07.05.2017. 13:56
 Manasgul
Сарие.рахмат.сонун.ыр.аксыа.келчи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо