Ырыскелди Осмонкулов "Ай баратат"
04:01
3,68 Мб
Жүктөлгөн: 13-02-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Белековдуку
Обону:Н.Турсунбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(10 добуш)
Ак булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баратат.
Ата албайсың ак кууну оңой менен,
Жете албайсың айга да жел ой менен.

Жеткенчекти жетпестен калган жакшы,
Жетип азап жегиче, арман жакшы.
Жетем десең сулуу ай жетээр элем,
Көк деңизин булуттун кечээр элем.

Сүзө бергин алтын ай көгүң менен,
Мен карайын өзүңдү теңим менен.
Сага жакшы көрүнсө булуттуу көк
Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.

Комментарийлер (7)

14.02.2012. 21:23
 BEKAjan
мен суйгон эн соонун классика!
25.02.2012. 00:34
 kipchak
Таппай журдум эле...жакшы болбодубу.
07.06.2012. 15:41
 kurchunka
сонун урааа ырдаса болот экенго тап так тамгаларды адамдын нервине тийбей сонун эс аласын рахмат сизге
28.12.2012. 10:41
 tashike
ырдын созу АБДЫЛДА БЕЛЕКОВДУКУ.ОНДОП КОЙГУЛА.
06.06.2013. 17:58
 gitaristka_2013
Ушундай ырларды жараткан адамдарга ийилип таазим этем.
15.12.2013. 23:26
 Eli75
Ушул ырды укканда Таттыбубу Турсунбаеваны элестетем... Ырыскелди,сизге чыгармачылык ийгилик.
22.06.2014. 18:02
 kyrgyzajym
Yryskeldi Myrzaga choong rahmat! Talantynyzga taazim! Sizge choong rahmat, jakshy adamsyz! Kubulgan ununuz yrdyn korkun a4kan.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо