Роза Шакирова "Сен дегенде"
03:37
3,33 Мб
Жүктөлгөн: 17-02-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Н.Алымовдуку
Обону:С.Бактыгуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(14 добуш)
Сен дегенде сен дегеним сен деген,
Сенден бөлөк көрбөгөнүм көрбөгөн
Сен дегенде секетим деп ичимден,
Сезимдердин бүтпөгөнү бүтпөгөн.

Сени ойлосом ойлогонум ойлогон,
Сени ойлобой койбогонум койбогон
Сен дегенде жарк дей түшөт кабагым,
Сезимдердин тойбогону тойбогон.

Көңүл сен деп түтпөгөнү түтпөгөн,
Көп санаанын бүтпөгөнү бүтпөгөн.
Сенден калган күн курусун, курусун,
Сезимдерден ким өчүрөт күч менен.

Сен дегенде кыялдарым кыялдай,
Кыйналамын кыялдарды тыя албай.
Сенден мага жалгыз гана сөз керек,
"Сендикмин!" деп шыбырап кой уялбай.

Комментарийлер (4)

10.03.2012. 23:09
 АйАй
соз жок
10.05.2012. 11:28
 Rusbubu
Сонун ыр да ушул!Таппай жургон болчум рахмат силерге суппер инфо!
02.11.2012. 18:18
 strangergirl
Туура соонун ыр да озучу....
05.12.2012. 23:49
 Salta8686
Класс!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо