Мирлан Абдыраев "Жалжал көз"
03:30
3,22 Мб
Жүктөлгөн: 20-02-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.89/5
(9 добуш)
Карагат кара көзүң бар,
Бал ширин таттуу сөзүң бар.
Алдыңа барып айтууга,
Шекерден таттуу сөзүм бар.
Уктабай сени ойлодум,
Ойлосом ойго тойбодум.
Куру дегенде сый кылып,
Кубантып, карап койбодуң.

Кайырма:
Жүрөгүм менин бир гана,
Жүз жүрөк менде болсо да.
Эмгекти сүйгөн жалжал көз,
Берер элем бүт сага.

Тосоюн деймин жолуңду,
Кармасам деймин колуңду.
Карабай кетип сен эми,
Кайната көрбө шорумду.
Үн улап менин үнүмө,
Шерик кыл өмүр гүлүнө.
Аймалап жыттап күнүнө,
Ай сайын эмес күнүгө.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

22.02.2012. 00:19
 bais88
жакшы ыр ески ырда
24.02.2012. 00:40
 Letty
Жакшы ырдаптыр....жаны ырчыбы?
02.03.2012. 20:56
 Owol
Kandai docke molodez calam Kypoladan ))))
31.03.2012. 00:53
 Rakhat
абдан жакшы алга удачи обо всем
01.03.2014. 15:17
 Milashka-92
мааниси абдан сооонун екен
19.09.2015. 17:30
 sabir7788
Супер ыр, радиодон укчумун араң 3жылда таптым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо