Түгөлбай Казаков "Жыйырманчы жаз"
03:38
3,33 Мб
Жүктөлгөн: 23-02-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:К.Көкүловдуку
Обону:Т.Казаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(4 добуш)
Төгүлөт жамгыр, жамгыр көчөдө жаз,
Негедир мен жамгырды жакшы көрөм.
Жамгырды жашка окшотуп,
Маанайым пас,
Негедир сени эстесем жашый берем.

Кайырма:
Жыйырманчы жаз, келсеңчи,
Жыйырманчы жаз, келсеңчи.
Жамгырды жашка окшотуп,
Маанайым пас.,
Негедир сени эстесем жашый берем.

Негедир сени эстесем жашай берем,
Өрүктөр түгөл гүлүн ачкан кезде.
Озүмчө өткөндү эстеп убайым жейм,
Абасы жаз жыттанган таңда, кечте.

Кайырма:

Жазымдай жакшы көргөн жароокерим,
Алыста, азыр сезбейт жаздын демин.
Буулугам тар бөлмөдө сыртты карап,
А сыртта жыйырманчы жазым менин.
Кайырма:

Комментарийлер (5)

28.02.2012. 01:47
 yryskan
айабай сонун ыр экен
07.08.2012. 09:55
 salkin
ukmux ukmux ...soz menen irdin birikixi ayabay jakxi bolhon!
23.10.2012. 11:11
 dastan12
Блуардын талантын кийин эч ким кайталай албайт!!!
24.11.2012. 09:29
 ChonAlay07
мына ушул чыныгы чыгарма, чыныгы талант сонун, эркин эле ырдаса болот экен го азыркыларга окшоп озун кыйнап ыйынбай уккан адамды да кыйнап ийет.
06.06.2017. 18:13
 daniel10
ЭЭэх соонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо