Актан Исабаев "Сүйүү зары"
04:23
4,03 Мб
Жүктөлгөн: 24-02-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(6 добуш)
Биз кыйрап кемедей,
Тегиз телегей эмес, аттиң ай.
Из калды жүрөктө,
Калды сүрөттө элес ак куудай.
Сен кабарыңды айтып мага койбой,
Жүрдүң экен кандай жайда, дегеле кайда?
Мен ыйык туткан Ысык-Көлдү бойлой,
Жүрөгүм сыздайт кайра-кайра.

Кайырма:
Азапка күчөп батты жан,
Кайгы тапты жан.
Айрылып келем бактыман, тайдым бактыман.
А бирок сага тилегим, жалгыз тилегим,
Айрылба, көлүм, ак кууңан,
Көлүм, ак кууңан.

Мейли кайгым бөлүнбөй, тагдыр өрүлбөй
Далай бир жыл өтсө.
Биз калдык бир сүрөттө,
Жарашып күнгө, жарашып бирге.
Сен бакытты издеп кайда гана барба,
Жолугуп асыл жанга жадырап-жайна.
Мен жерге батпай, жанга таппай айла
Көлүмө келем кайра-кайра.

Комментарийлер (9)

24.02.2012. 23:21
 Nursultan.m.n
бул ыр лична жэнеме жакты да супер
25.02.2012. 09:51
 BelkaBoB
иии ушул ырды көп жылдан бери жакшы көрүп угам да, твдан, радиодон гана угуп жүрдүм эле, эми жакшы болду көчүрүп алдым...
26.02.2012. 19:11
 tukueva.aigerim
супер инфо плиз текст.удачи вам Исабаев Актан байке
26.02.2012. 22:08
 Musio
Бул биздин фирмач баикебиз Алга !!!!
25.08.2012. 22:55
 Akyikatchy
Озгочо ун,озгочо таланттуу адам !!! Изденуу менен кобуроок чыгармаларды жаратышын каалар элем
25.03.2013. 16:13
 erlanbek
убагында супер ыр болчу биз студент кездерде. аябай жакчу и азыр да жактырып угам
06.10.2014. 19:20
 SemMaratov
Бул биздин ретро ырларыбыздан. Азыр да бул ырларды угуучулар аз эмес.
22.10.2016. 12:34
 himik
Негедир Дима Климашенконун золото монет деген ырына куюп койгондой окшош, кимисиники плагиат экен
06.04.2023 04:39
Jamalym
himik, Eric Benet- why you follow me оригиналы
07.08.2017. 01:16
 Aytbubu
Ыр аябай эле сонун бирок ырдын кочурулгон сапатына маани берип койсонуздар супер инфо!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо