Роза Шакирова "Таппай жүрөм"
03:33
3,26 Мб
Жүктөлгөн: 28-02-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.59/5
(17 добуш)
Бир гана тамчысындай булагымдын,
Бир гана шыңгырындай жылаажындын.
Сагындым мөлтүрөгөн махабатты,
Сагындым жылмайганын ынагымдын.

Бир гана уучтамындай турпагымдын,
Бир гана жыттамындай гүлзарымдын.
Сагындым асыл заттын жан турпатын,
Сагындым, сагынычка мен багындым.

Сагынуу карегимди жарып кетти,
Сагынуу бүт уйкумду алып кетти.
Сагынуу сар жоргосун токуп берип,
Нөшөрлөп жаш өмүрүм агып кетти.

Сагынуу жашыл тоодо аксап жүрөт,
Сүйүүсүн сары майдай сактап жүрөт.
Энеден эрте калган жаш улактай,
Элеңдеп, эрмен терип какшап жүрөт.

Комментарийлер (8)

10.03.2012. 23:08
 АйАй
унунуз аябай сонун таланттынызга таазим сизге жетпесем да ырларынызды аябай ырдайм
27.04.2012. 14:38
 Rusbubu
Суппер да ушул ыр!Роза эже ийгилик сизге!
15.05.2012. 16:02
 Talastan
жакшы ыр
04.06.2012. 18:44
 azema
Мынча унунуз сонун, уккулуктуу. Ийгилик сизге!!!
16.04.2013. 21:18
 Afina
мага аябай жагат!

12.03.2015. 15:44
 Begimkyz
Сонун ыр! Сөзү да- обону да жарашат Роза эженин үнүнө!
12.01.2016. 21:36
 KG2688
Ушул клиптеги кинонун аты кандай кайдан тапса болотKG2688 түзөттү 2016-01-12 21:38:07
17.12.2016. 08:20
 suranam
Керемет уккан сайын уккун келет!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо