Кадыралы Артыков "Кыялдануу"
04:42
6,47 Мб
Жүктөлгөн: 29-02-2012
Жанр: Эстрада
Обону:К.Артыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(9 добуш)
Жыпарын бүркүп гүлдөрдүн,
Жел келсе шибер ыргаган.
Жыргалга бөлөп сезимди,
Yнүңдү уксам ырдаган.
Колуңа гүлдөн дестелеп,
Көрүнө калсаң жылгадан.

Кайырма:
Ээ-эй, көбүртүп булак толкунун,
Оо-ой, акагы акса шыңгырап.
Билдирип жайлоо шоокумун,
Сайраса торгой күү курап.

Акырын сылап чачымдан,
Ардагым десең эркелеп.
Жылмая карап сүйкүмдүү,
Жылкыга кетсем эртелеп.
Боз жорго минип келатсам,
Алдымдан чыксаң энтелеп.

Кайырма:
Ээ-эй, кызарса булут сүрүлүп,
Оо-ой, кызылгат бышса күбүлүп.
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн,
Көбүргөн терсек, кымыздык терсек,
Кымыздык терсек жүгүрүп.

Чачылып жатса шүүдүрүм,
Ак бермет болуп көктөмдө.
Эрксизден мөлт деп төгүлсө,
Экөөбүз басып өткөндө.
Көңүлдү жүрөк эргитип,
Күн нуру беттен өпкөндө.

Кайырма:
Ээ-эй, ак жамгыр төксө шорголоп,
Оо-ой, арчага келсек корголоп.
Кекилик учпай жем издеп,
Азгырса бизди жорголоп.

Комментарийлер (6)

01.07.2012. 23:20
 UAA
Ырдын обонунда, жазылган сөзү да кынтыксыз. Бул жерге жайгашкан текстин тактап кою керек.
05.08.2013. 15:47
 Мэри
Бул ырды көп ырчылар аткарышты, бирок автордуку баары бир өзгөчө...
01.11.2013. 13:17
 chyngyz1988
Эн сонун ыр экен
27.11.2013. 16:41
 Asul
Эн сонун ыр. Созуно музыкасы топ келген ыр. Ушундай ырлар гана шедевр болуп эч качан популярлуулунгун канча жыл отсо да жоготпойт.
10.11.2014. 06:16
 Karloseltapo2010
Ушул ырды чынын айтсам 2011чи жылдан бери издейт элем байкем гитара менен ырдап берди эле ал да билбейт экен сайраса торгой деп эле журчумун. РАХМААААААААТ
04.12.2016. 16:47
 Baktiyar731
Раматылык Медербек Кыдыршаев да бул ырды аябай жакшы ырдачу эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо