Салима Балтаева "Биздин айыл"
04:25
8,09 Мб
Жүктөлгөн: 29-02-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(6 добуш)
Айланасын тоолор курчаган,
Кайда жүрсөм эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам.

Кайырма:
Биздин айыл – биздин сүйүүбүз,
Береке көп, толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.

Шылдыраса тоонун булагы,
Көңүлүмдүн канат кумары.
Ыйык туткан биздин айылдын,
Өчпөсө экен дайым чырагы.

Кайырма:

Ыйыктыгың сенин билемин,
Дайым таза сага тилегим.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.

Кайырма:







Комментарийлер (8)

29.02.2012. 23:15
 Bostery
Эх Озумдун Киндик тамган жеримди Бостеримди эстеп кеттим!!!!
06.03.2012. 00:27
 jipara86
АРАЛымды сагындым
07.03.2012. 03:18
 kesha250586
апкан айылымды сагындым.
02.02.2014. 18:55
 DASTAN92
Уч-Добому сагындым айылымы сагындым ушул жазда созсуз барам
02.04.2014. 01:04
 jeniw
Талдыгымды абдан сагындыыым
11.06.2014. 04:02
 Bako.baike
Эн жакшы коргон ырым ушул.башка ырды 1-2 жума угуп калат а бул дайыма жаны
19.02.2016. 11:18
 jusup111
Эн соонун ыр.
рахмат Салима эже
08.01.2017. 03:28
 adi_ko.kg
Ничке сайды сагындым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо