Сапар Эркебаев "Өзүңө"
03:09
2,9 Мб
Жүктөлгөн: 02-03-2012
Көчүрүү
  • Currently 2.60/5
(5 добуш)
Мага деген сезимиң барбы,айтчы өзүң?
Мээримиңди төгөт ай көздөрүң.
Менин дагы жүрөгүм сен деп согот дайым
Махабатым сендик, мен танбаймын.

Тагдыр жолум сага байлангандай, асылжарым,
Таттуу сөзүң кулагымда дайым.
Тамшандырган сулуу келбетиң уйку бербейт,
Таңдар атат эңсөө менен.

Кайырма:
Жүрөгүм сени сүйөт, кумарым канбай жүрөт,
Асылым, сен деп гана күндөрүм өтөт.
Жүрөгүм сени сүйөт, кумарым канбай жүрөт,
Асылым, сен деп гана күндөрүм өтөт.

Сенин сүйүүң жашоодогу кымбат бакыттай,
Секетим деп ырдаймын талыкпай.
Сезимдерим күчөткөн сайын ардагым ай,
Суранамын, мага кел таарынтпай.

Күнүм болчу жарык кылган ай өмүрүмдү,
Күндөр учат күтүп бир өзүңдү.
Көздөрүң ай, көтөрүп менин көңүлүмдү,
Кабыл алчы менин сүйүүмдү.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

03.03.2012. 12:07
 almaz2880
Молдодец мага жакшы ыр экен
03.03.2012. 15:47
 Aidochka966
мне тоже понравилась песня!!классная)
03.03.2012. 20:26
 Akylbekova_96
азамат жакшы ыр
04.03.2012. 18:04
 ne_vajno
"Кумарым канбай журот"-дегенин... хе-хеее)))
05.03.2012. 10:38
 Мэри
Сапардын їнї жакшы.
05.03.2012. 19:27
 Акжол
Тууй атааа)) БУл ырды суйом да ))
09.03.2012. 13:10
 Otkurbek
Сапар жакшы ырдайт жакты
20.04.2012. 18:00
 anonim
сонун ырдаптыр молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо