Руслан Абылов, Добр "Секетим"
03:24
3,13 Мб
Жүктөлгөн: 09-03-2012
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(25 добуш)
Элесимден, кетпейт эсимден,
Баягы көз карашың тиктеген.
Көздөрүңдөй сенин сулуу карагат,
Таппай койдум дүйнө жүзүн аралап.
Өкүнөмүн, эми кайдан табам?
Кайда экениңди айтсаң, издеп барам.
Жүрөгүмдөн орун ээледиң, жан,
Көздөрүм сени дагы тиктөөгө зар.
Өттү күндөр, дагы качан көрөм,
Дагы кайсы күнгө чейин ыйлайт жүрөк?
Ал жүрөгүм сен деп гана согот,
Эч бирөөнүн ага кереги жок бөлөк.
Сенсиз жашоо мага азап-тозок,
Жалгыз аны сүргүм келбейт, кереги жок!
Менин жашоом сени менен кызык,
Сенсиз жашоо - бул бир гана жалгыздык.

Кайырма:
Эч эле эстен кетпейсиң,
(кетпейсиң эмнегедир...)
Көз карашыңдан, секетим.
Эстен кетпейт элесиң,
(элесиң, эмнегедир...)
Көздөрүңдөн секетим.

Сүйкүм элес, сени көргөн кез,
Дале ушул күнгө чейин эстен кетпес.
Жүрөгүмдө ошол сезимдер,
Эмне үчүн алар кайра кайтып келбес?
Жок дегенде, көрүнүп эле кой,
Сага болгон жылуу сезимдер ойго.
Сени сүйөм ушул күнгө чейин,
Сени издеп жүрүп, көлдөй аккан терим.
Эмне кыйнайсың, эмне кылдым сага?
Көргүм келет сени, жетпегендей аба.
Сенсиз жашоо өз нугундай эмес,
Сени сүйөм, бирок сунган колум жетпес.
Эми билбейм, дагы кайда барам?
Сени таппай издеп, дагы жалгыз калам.
Менин жашоом сени менен кызык,
Сенсиз жашоо - бул бир гана жалгыздык.

Кайырма:

Комментарийлер (18)

09.03.2012. 18:09
 Attokurov
Мага жакты алга Добр.....
09.03.2012. 21:13
 Bektur92
алга кыргыз
10.03.2012. 06:56
 abba_aipa
Suuuuuuper boluptur!!!
10.03.2012. 09:35
 AZIRET_JIGIT
Сонун ыр экен!!!! :-)
10.03.2012. 09:51
 merez_jurok
Кызык эй ушул ырчылар, баарыдыгы эле бир обонго ар кандай кылып создорун жазыша беришеби.Ильич укса эмне деди болду экен?Анын "Аккан жаш"деген ырын угуп корсонор, бул ырдан 10 эсе сонун!
10.03.2012. 17:18
 molo
Бегиштин минусун урдап алыптыр!!!!
10.03.2012. 18:09
 ardak86
аккан жаш деген ыр кимде бар
10.03.2012. 22:34
 Nurik_kg91
Сонун ыр экен супер!!!!!
11.03.2012. 01:15
 supeeri
Соз жок дайымгыдай эн жакшы ырдаган ДОБР!
11.03.2012. 16:08
 maisalbek
молочик
14.03.2012. 23:58
 juniyor
Сонун ыр,,, Жеңешкага арналган окшойт э . ?! Алга Добр брат!!! ))))))))))))
18.03.2012. 11:50
 Nursultan.m.n
добр добрый ыр жазсан
19.03.2012. 22:01
 pitbul.t91
добр алга сени эл кутуп жатат????
06.05.2012. 02:26
 Bektur92
добр балалыгым деген чыгарманды да чыгарып койчу.........я жду
10.05.2012. 23:52
 jyrgal-84
Добрга +5
05.06.2012. 05:29
 MC.BK
DOBR bratan RESPECT to you. JAkynda men da ozumdun RAP yrlarymdy yrdap 4ygam...Uwul MC.BK degen at menen....
11.06.2012. 14:21
 lime_boy
MC.BK ийгилик сага! Добрдун голосу реппердикиндей чыкбайт...ырдаган ырлары рок го окшоп калат. Обону окшошбойт.ДОБРда Манас айта турган голосу бар.Аракетине рахмат ДОБР алга!
27.06.2012. 02:18
 rusi.kg
otkon kundorumdu estep ketim. alllllga DOBR.SONUN IR EKEN.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо