Сема "90-60-90"
04:03
9,29 Мб
Жүктөлгөн: 22-05-2008
Сөзү:Ташкент кызы Гүлдүкү
Обону:Түрк элиники
Көчүрүү
  • Currently 3.40/5
(15 добуш)
Көргүм келет өзүңдү,
Көргүм келет сенин көзүңдү.
Уяңы жок, жагымдуу,
Уксам деймин ак сөзүңдү.
Элестетип жүзүңдү,
Эстен танып, оюм үзүлдү,
Өңүм эмес, түшүмбү? Жок.

Эй, Сема,
Назарым өзүңдө.
Келчи, таанышалы,
Кулагым сөзүңдө.
Табышмагым, табыштадың,
Таанышуу жөнүндө,
Арыштадың, карыштадың,
Ашык болгон көңүлгө.

Кылыктанып, жаным, азапка салба,
Сырыңды катпа, сындасам качпа.
Сырдашып, сындашып биз тургун чакта.

Кайырма:
90-60-90 менин фигурам,
Бийлейм, ырдайм, музыканы көп угам.
Тунук махабат сага жетелеп,
Арбалып, алданып, сага бүтүн оюмду бурам.

Маекке сен мени салдың,
Акылдан бир мени алдың.
Сөзүң арбап, мени алдап,
Махабатка мени алдың.
Нурлуу күн болуп тийдиң,
Көрбөсөм дагы сага баш ийдим.
Кайырмакка мени илдиң. Жок.

Кайырма:

Жалынасың, жагынасың, жалын сөздү мага арнай,
Таарынасың, таарынасың тамашага чыдабай.
Бат-бат сагындырбай байланышып туралы,
Бул чат аркылуу келчи, маек куралы.

Өңүң кандай десем, чүрөкмүн дедиң,
Ашык болуп мага жүрөмүн дедиң.
Кайыл болуп ак сүйүүнүн азаптарына,
Мен үчүн, жаным, отко күйөмүн дедиң.

Дарегиңди билемин.
Интернетке киремин.
Жүрөгүмдү жылытат,
Жылуу сөздү илебиң.
Кааласаң мен болоюн,
Купулуңа толоюн.
Кайда болсо карааның,
Кайда болсо тилегиң.

Кайырма:

Комментарийлер (11)

09.07.2008. 12:20
 zaman
It was a very popular song among the youth.
04.08.2008. 10:04
 Fred
enerdjaizer
Ошол сен айтып жаткан дуура ырдап ушундай хит болду да алтыным Сема эмне творит эткендей озу жазыптырбы турктордун ырын эле которуп алган тим эле Семага жантартып фирминный творения дегенине олосунда кулосун.
11.08.2008. 19:42
 baha
тантыктар
ушуну уккандардын кулагы кантип чыдап атат??!?!?!
хотя, говорят же "кесарево кесарю"
талап кандай болсо, бергендери да ошол денгээлде болуп жатат да
29.08.2008. 17:11
 Сыйкырчы
сёма мага да жакпайть бирок талап чылар Кыргыз эли экенин унутпа
14.01.2009. 22:12
 ХАНЗАДА
ээ ботом, уялбай этпей эле "эй, Сема менин фигурам 90-60-90 таанышасынбы?" десе анысы "базар жок" деп эле какшанышат
18.02.2009. 16:18
 Samus
Fred + 100 :) Полностью согласен с тобой. Семанын озу нормальный ыры жок...
20.12.2009. 14:47
 Адам
т-ь-ф-у!
бизде которулган ырлар ушундай бааланат!
15.02.2011. 01:21
 sulusha
kotorulsa da jakshy yrdashkan!Semany ushul yrdy pop kylgan.demek iygiliktuu yr!
21.08.2011. 19:42
 nurelru
жакшы эле ырдаган силер биринчи ырдап корсонор анан билесинер.
20.10.2011. 12:16
 beka8585
мага жагат эмне тамаша кылып ырдаган жакшы ыр бийге тушсон сонун которсо которуптур анын эмнеси бар
13.10.2012. 00:16
 tzhumaev
салам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо