03:27
3,17 Мб
Жүктөлгөн: 28-03-2012
Жанр: Поп
Сөзү:Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
Назданып басып, тоготпой бой саласың,
Сүйлөсөм укпай, кыялданып качасың.
Сулуусуң айдай, нур жүздүү чырайың бар,
Суусаткан жүрөк сүйлөсөң сөздөрүң бал.
Кайырма:
Ичтеги сезимди жашырбай айтайын,
Ирмелтип көздөрүң, жанымдан качпагын.
Жаралган тунук жүрөктөгү сүйүүмдү,
Сага арнайын.
Кыйнабай мени, аячы көңүлүмдү,
Кыялбай сени, сан ойго бөлүндүмбү?
Кымбатым болуп жашайсың кыялымда,
Кылчайып келчи, айланып жыргалыма.
Кайырма:
Комментарийлер (62)