Токтобек Асаналиев "Жүрөгүмдө орун бирөө"
03:56
3,4 Мб
Жүктөлгөн: 10-04-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(12 добуш)
Даректеп таппай жүргөн жолум бирөө,
Таалайга жазган болсо шорум бирөө.
Кадалып карегимден кетпей койдуң,
Кантейин, жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө?

Ак жибек сага жайган торум бирөө,
Адашып сенден калсам шорум бирөө.
Арзыткан айдай перим өзүң болдуң,
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.

Өмүрдү өргө тартсам жолум бирөө,
Өчүрсө күйгөн отту шорум бирөө.
Берилип башка адамды сүйө албадым,
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.

Арзыткан айдай перим өзүң болдуң,
Анткени жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө.
Бейкүнөө жүрөгүмдө, жүрөгүмдө орун бирөө...

Комментарийлер (4)

11.04.2012. 12:41
 suhrab.kg
жакшы ыр браво
23.04.2012. 21:41
 Narynbek
Азаматсың Токо.Чыгармачылык ийгилик сага досум!
13.06.2012. 19:31
 gk210386
азаматсын
14.09.2012. 17:02
 kake
Эх, чеберчилик эмей эмине! Сөзү биринчи мэээге кирип анан жүрөккө барса, Токоң ырдаганда дароо жүрөктү курчап алат да чиркин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо