Динара Акулова "Махабат жаңырыгы"
04:13
3,87 Мб
Жүктөлгөн: 11-04-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Б.Алыбаевдики
Обону:К.Тагаевдики
Көчүрүү
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Сен азыр кайда экениң биле албадым,
Үзөм деп үмүтүмдү үзө албадым.
Сайылган жүрөгүмө тикен болдуң,
Саргайды сага деген бир арманым.

Кайырма:
Оо, менин махабатым,
Оо, менин асылзатым.
Сезимге бүлүк салып,
Сен неге жашынасың?
Корголоп коюу түндүн,
Койнунда кетип барам.
Кайгынын кур дайрасын,
Кайыксыз кечип барам.
Оо, менин махабатым,
Оо, менин асылзатым.
Сезимге бүлүк салып,
Сен неге жашынасың?

Чалыкканда узак өмүр жолдо жүрүп,
Турган кезде жалбырактай бүт күбүлүп.
Сен ошондо болуп турчу өз жанымда,
Кетпей турчу карегимден сен үңүлүп.

Кайырма:

Талпына албай, талганда канатым,
Жүдөткөндө жүрөктөгү жаратым.
Сен ошондо болчу менин жанымда,
Кубат алсын сенден өмүр жаратым.

Кайырма:

Комментарийлер (1)

26.12.2014. 22:04
 meridian
махабаттын майрамы болуп,
мага жолук,дагы бир жолук деген кимдин ыры эле? айтып койгулачы сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо