Гүлнара Кахарова "Сага"
04:01
3,67 Мб
Жүктөлгөн: 11-04-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ж.Исабаеваныкы
Обону:С.Молдоевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(6 добуш)
Нур болуп келип сулуулап таңды,
Жарыгың күндөй жанды.
Ыр болуп келип аруулап жанды,
Арманым менин барбы?
Ак жарык өңдүү төгүлүп турган,
Жүрөгүм эңсеп, сүйүү сунган.
Ааламда сендей асыл жан барбы?
Ардагым, сендей барбы?

Кайырма:
Эң кымбат, эң асыл адамым сенсиң,
Эркелеп, зор бакыт табаарым сенсиң,
Сагындым, дайрадай агылдым, жаным сага.
Эң кымбат, эң асыл адамым сенсиң,
Эркелеп, зор бакыт табаарым сенсиң,
Сагындым, дайрадай агылдым, жаным сага.

Жарыгым дейин жарыгың кошуп,
Жан-алым неге калбай?
Жаалыным дейин жалының кошуп,
Кумарым сага канбай.
Жаныңда дайым бир болгум келет,
Тагдырым өзүң болдуң демек.
Жан дилим тапкан жаңы ырым созуп,
Ырдаймын жаным сага.

Кайырма:

Комментарийлер (4)

14.04.2012. 02:16
 uulai
Кахарованын бардык ырлары жагат. Гульнара ослепительно хороша собой и чертовски талантлива!Исабаева, Молдоев талантынар оркундой берсин!
28.09.2015 23:43
jypar.i
uulai,эң жакшы баа бериптирсиң, бирок орустардын "чертовски хороша" деген салыштыруусу кыргыздарга жарашпайт деп ойлоп
18.04.2012. 00:06
 kojonovnurik
чындап еле жакшы ырдайт турбайбй бай бай керемет=)
15.08.2012. 17:16
 ardak86
Aiabai jagat Kaxarovanyn yrlary sonun yrdais
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо