Гүлнур Сатылганова "Элегия"
03:56
3,61 Мб
Жүктөлгөн: 10-08-2009
Сөзү:Омор Султановдуку
Обону:Түгөлбай Казаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(7 добуш)
Эмненидир мен сага арноом керек,
Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир.
Ал күндөрдө түбөлүк калгым келет,
Эмненидир мен сага арноом керек.

Кайырма:

Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын,
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын.

Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек,
Барбы алдыда көздөшүү эч ким билбейт.
Ошол түнгө кайрадан баргым келет,
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек.

Кайырма:

Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын,
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын.



Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек,
Качандыр бир кездерде жолугам деп.
Ушул ырды жакшы деп арноом керек,
Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек.

Кайырма:

Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын,
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын.

Комментарийлер (5)

12.08.2009. 12:36
 Адыл
Негизи эле гульнур эжебиз, мааниси терен ырларды ырдайт. Башкаларга окшоп тантып ырдабайт. Мага абдан жагат. Профессионал экени билинип турат. Молодец осуп оркундой бериниз.
08.12.2009. 00:36
 Tolya
Гулнур эже сизге Рахмат ушундай ырларды жаратканынызга,сиздин ырлар жагат,соз жок!!
17.11.2011. 18:24
 maradona
Албетте чыныгы таланттуулар маанисине карап ырдайт. Тантыраган ырларды ырдоо Гульнур эжебиздин кадырына туура келбейт. Супердин жамааты сиздердин суранып келем Дасторкон деген ырын жуктоп коюнуздарчы
01.12.2012. 20:57
 Tendik
"Элегияны" Гульнур эже ырдаган дагы бир версиясы бар го, ошону жүктөп коё аласыздарбы?
03.12.2012 10:31
admin_media
Урматтуу Tendik, сиз сураган версиясы http://www.super.kg/media/?type=audio&id=76845
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо