Токтобек Асаналиев "Асылзатым"
04:36
4,08 Мб
Жүктөлгөн: 30-04-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.44/5
(9 добуш)
Өмүрүм өрттөп, өзүңсүз тостум таңдарды,
Өкүнүп келем тагыдырым коштоп армандуу.
Бакыттын кушун учуруп ийдим бир келген,
Баркыңды билип, баалаган мендей жан барбы.

Барайын десем, бара албай,
Көзүмдү сага алалбай.
Жараткан берген белегин,
Өзөгүм өртөп келемин.
Өзүңдүк болуп кала албай,
Алыстагы асыл затым.

Өзүңдү жоктоп кан жолдо турам муңайып,
Өзүңө алып кайра эле жөнөйт бир алып.
Тагдырдын изин биз баскан жолдон издедик,
Тагдырым болгон таркабас менин кумарым.

Кайырма:

Тагдырдын жолун жаңылбай кимдер баса алат?,
Таңдарым мени айылыңа бир күн алып барар.
Өзүң деп жүрүп өмүрдүн чыгаан соңуна,
Өзүмдү,өзүм кечирбей анан жазалап.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

01.05.2012. 01:59
 Narynbek
Кыргыздын экинчи Мусасы!Азаматсың Токо!
31.08.2012 01:57
sabirdinovich
Narynbek, туура айтасын, Муса Баетовго жетпесе да. Азыркы Муса десек жанылышпайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо