Исирадин Аманбаев "Жетиген"
04:05
3,74 Мб
Жүктөлгөн: 30-04-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:К.Култегиндики
Обону:И.Аманбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.63/5
(8 добуш)
Бабалардын батасы –
Бак-таалайдын атасы.
Өткөн күндү унутуу –
Келечектин жазасы.
Жер үстүндө баарынын,
Жер астында тамырың.
Суроо берип топ жылдыз,
Сунат күчтөп жарыгын.

Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Чыгарба деп жатпасын ал,
Жети атаңды эсиңен.

Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Кетирбе дейт энеңдин ал,
Жети нанын эсиңден.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?..

Аккан дайра кайрылбайт,
Аны ээрчип сай жылбайт.
Эне тилдин өзүнүн,
Эңшерилткен сан жылды айт.
Энем дешип зайыбын,
Эчендин бар айыбы.
Суроо болуп топ жылдыз,
Сунап күчтөп жарыгын.

Асмандагы жетиген,
Эл эмне үчүн жетиден?
Жети күндү өткөрбөй,
Өз тилиңе жетип өн!
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Жети күндү өткөрбөй,
Өз тилиңе жетип өн!
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?

Төрөлө элек урпактар,
Кандай ырктуу бул чакта.
Эл менен эл жоолашмай,
Эс-акылга тунсак да.
Айдаса ар ким кайыгын,
Толкутат суунун жайыгын.
Суроо болуп топ жылдыз,
Сунат күчтөп жарыгын.

Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Теңир өзү келсе да,
Тең бөлүнбөс экиден.
Асмандагы жетиген,
Ал эмне үчүн жетиден?
Жаратканым келсе да,
Бөлүнбөс тең экиден.
Калайык-калк, эл-журтум,
Бөлүнбөйлү биз экиден.

Комментарийлер (2)

08.01.2019. 14:19
 myrzagul0605
Мааниси ото терен чыгарма.
Улуу обончуларга таазим!
13.06.2020. 20:48
 Benazir08
Ушуну дагы бир жигит ырдаган эле радиодон уккан болчумун админ атып коесузбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо