Темир Назаров "Кыргызстаным"
03:54
5,36 Мб
Жүктөлгөн: 07-05-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.09/5
(11 добуш)
От болуп сүйүп жалындай,
Ошумду көрөмүн жанымдай,
Өрүкзарлуу Баткен - жергем менин,
Өмүргө бүткөн багымдай.
Ааламга берген Манасты,
Ардактайм асыл жер - Таласты.
Жаштыктын шаары - Жалал-Абад
Жаркырап гүлүн жаңы ачты.

Кайырма:
Мекеним менин Кыргызстан,
Өркүндөй бергин, өсө бер,
Канат кагып, күйүп-жанып
Кадырыңа жетемин!
Мекеним менин Кыргызстан,
Өркүндөй бергин, өсө бер,
Бактың үчүн билим-күчүм,
Баркыңа мен жетемин!

Ырыска толгон жер бети,
Ысык-Көл кыргыздын бермети,
Борборлордун арасынан,
Бишкекке жоктор жетери.
Өзүмдүн көрөм үйүмдөй,
Өзөн бир бар бекен Чүйүмдөй?
Көргөндө көркөм Нарынды
Көңүлүм койбойт сүйүнбөй.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

07.05.2012. 13:45
 Laden
сонун ыр болуптур! жакты!
07.05.2012. 15:01
 Alisher
Суппер мекеним мн Кыргызстан оркундой бер осо бер мекенге болгон суйууну бир баардык шаарыбыз мн биргеликте Кыргызстан экенибизди даназалаган жакшы ыр болуртур Ийгилик Темир Назаров.
07.05.2012. 17:33
 edikad
Ааторун жазып койсонор жакшы болмок...
ырдын созу, обону Нуржигит Кадырбековдуку...
27.05.2012. 17:40
 Mekenkg90
жакшы соонун ырдаптыр....азамат ийгилик чон чон Темир Назаров
28.06.2012. 11:06
 menedjer
Кыргызстаным менин!!!Качан онугобуз????Модератор MiranA түзөттү 28.06.2012 11:09
04.11.2012. 21:31
 baby
Эн сооонун болуптур.Тимеле журогум албууттанып, жергеме болгон суйуум кучоп колума кыргызымдын желегин кармап алып уккум келип кетти.Красава Темир Назаров!!!!!!!!!!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо