ЭЛЕС тобу "Сени ойлосом..."
06:03
11,06 Мб
Жүктөлгөн: 09-05-2012
Жанр: Поп
Сөзү:С.Шимеевдики
Обону:Ү.Сыдыковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(4 добуш)
Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө,
Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө.
Таалайымдын жаркыраган жылдызы,
Махабаттын гүлүн терген өмүргө.

Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып,
Жалынчумун, жаным, сага кагылып.
Кирпик какпай таң атырам далай түн,
Карааныңды бир көргөнгө зарылып.

Күндөн күнгө менден четтеп кеткениң,
Муздак сууну жалыныма сепкениң.
Асыл курбум, чыгардыңбы эсиңден,
Тунук сүйүү бизге таасир эткенин?

Сен унутсаң, мен унута албадым.
Элесиңди көңүлгө бек кармадым.
Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң,
Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?

Комментарийлер (1)

12.08.2014. 19:35
 millionaire_kg
эн биринчи ким ырап чыккан ыя?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо