Сыймык Бейшекеев "Аселге кат"
04:19
2,96 Мб
Жүктөлгөн: 09-05-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(8 добуш)
Жүрөгүм түйлап, көөдөнгө сыйбайт,
Жүдөтүп жалгыздык жанымды кыйнайт.
Томсоруп турам, өткөндү эстеп,
Тоо жели согот кайгымды сезбей.
Түшүндүм баарын, келсеңчи, жаным,
Түпөйүл кылбай, кечирчи, жаным.

Салкын жел сенден саламым айтам,
Сапардан жалгыз сени сагынып кайтам.
Үй-бүлө баркын кечигип сезип,
Үмүтүм жанбай жүрөм жер кезип.
Саргайып күттүм, келсеңчи, жаным,
Сагындым сени, келчи, ардагым.

Жалгыздап учкан куш көрүп калсам,
Жалооруп, эстеп мен кеттим, Асель.
Жалгыз бир жанга туш болуп калсам,
Жалган шум дүйнө дей кетмекмин, Асель.
Кулакка күлкүң угулат дагы,
Кыйналып кеттим, келсеңчи, жаным.

Буулугуп жашайм, бул дүйнөм жалган,
Булгабай сүйүүсүн, ким сактап калган?
Тартууга берген тагдырым мага,
Таалайым, бактым, жоготтум арман.
Бир келген мага качырдым бактым,
Кечиргин мени, кечиргин, жаным.

Түшүндүм баарын, келсеңчи, жаным,
Түпөйүл кылбай, кечиргин, жаным,
Сагындым сени, келчи, ардагым...

Комментарийлер (15)

12.05.2012. 21:23
 dosbol
ex menin suigon kyzymda Asel bol4u tileke karshy al bul duinodo jok.
16.05.2012. 21:23
 777bazamat
менинда ушул ырга байланыштуу арманым бар ушул ырды менин жакын досун Жаркынбек комуз менен соонун ырдачы, ал ушул ырды ырдаганда ар дайым берилип укчумун тилекке каршы ал досум бул дуйнодон отуп кеткен бирок ушул ырды уккан сайын досумду эстеп алып ыйлап алам (((.
22.06.2012. 20:34
 ayildik_kiz
Бул ыр кайгылуу болсо да бактылуу балалыгымдын элестерин берет
28.08.2012. 23:38
 nnn.sss
ушул ырды уккан сайын ыйлайм.............
28.08.2012. 23:40
 nnn.sss
канча жылдан бери тажабай угам
28.06.2013. 22:59
 patriottkg1
эх менин суйгонум асель
29.07.2013. 21:33
 begusia
супер инфо,сураныч ушул ырдын клипин киргизип койунуздарчы(((...
30.07.2013 09:24
admin_media
begusia,
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
10.09.2013. 23:18
 bokonbaev
maga da ayabay jagat.men da Aselimden ayrilip kaldim.anin azir bir balasi baar.ushul irdi ayabay kop ugam...
20.01.2014. 12:25
 goodman02
мына легенда
21.01.2014. 15:52
 buri8989
Түшүндүм баарын, келсеңчи, жаным,
Түпөйүл кылбай, кечиргин, жаным,
Сагындым сени, келчи, ардагым... sonun sozdor
08.05.2014. 19:44
 Oskar777
Сыймык байке ырыныз эң мыкты аткарылган, талатыныз элди суктандырган дагы дагы оз жемишин бере берсин демекчимин. АЗАМАТСЫЗ!!!
23.08.2014. 17:06
 Dasto
Сураныч, Супер инфо ушул ырдын клибин киргизип коюнуздарчы... Делбирим чыгармасын окуп бутуп, ырды угуш керек экен.
27.10.2014. 06:14
 aiza.kyrgyzkyz
Эх чиркин кандай гана жан эргиткен ыр, Сыймык байке женемдин суйуктуу жигити болуп журо бериниз, мен сиздей жигитти омур бою кутуп жашайм
27.10.2014. 06:18
 aiza.kyrgyzkyz
Тушундум баарын, келсенчи жаным, Тупойул кылбай, кечиргин жаным, Сагындым сени, келчи ардагым..... Ырдын мааниси аябай терен экен, дегеле ырдаган ырларынын баары эле тушунуктуу, тупкулуктуу, укулуктуу сыйлайм сиздин ырларынызды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо