Ырыскелди Осмонкулов "Сулууга"
03:55
3,58 Мб
Жүктөлгөн: 09-05-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Осмоновдуку
Обону:А.Керимбевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(14 добуш)
Кош жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстеп, сагынба.
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир бакча мөмөлөрү келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен.
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден.

Кош, сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда.
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген от чачышуу жүрөктөн.

Комментарийлер (7)

10.05.2012. 10:45
 Paiaz
Cонун ыр экен ишине ийгилик Ырыскелди
15.05.2012. 18:45
 advokat_83
kut9 maga jagat sizdin yrlarynyz suiu jonundo yr jazyn4y jany dagy
18.05.2012. 10:15
 Asus84
издегеним табылдыгооо
27.05.2012. 23:36
 wumwuk93
jurogumdun tupkurunon orun algan irlaaaaaaaaaaaaaar
14.06.2013. 14:17
 maralino
Мен бул ырдагы тагдырды эч кимге ыраа корбойм. Эч ким суйгонунон айрылбасын!
20.02.2014. 22:18
 Beksul
мыкты ыр,мыкты аткаруучу
20.04.2014. 22:02
 kgz.Begish
сураныч караокесин жуктоп койсонуздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо