Гүлнур Сатылганова "Угуп кой"
03:16
4,48 Мб
Жүктөлгөн: 10-05-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:К. Урманбетовдуку
Обону:Р. Бейшеналиваныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.92/5
(12 добуш)
Бир ырда жүрөгүм ууланган,
Бир ырда кирпигим сууланган.
Бул өмүр бүркөлүп, ачылып да,
Кубаныч, кайгыдан куралган.
Өткөн күн каяктан табылсын,
Өмүрдө бүтпөсүн сагынчың.
Өчсөм бир өчөмүн, кайра жанбайм,
Өзүңдө ырларым жаңырсын.

Кайырма:
Угуп кой, санаага батканда,
Унутуп, кайгыны басканга.
Бир үзүм үмүттү тапканга,
Угуп кой, түн уйкуң качканда.

Жалынды ыр менен тоскомун,
Жанымды ырыма кошкомун.
Сыздаган сезимди күүгө салып,
Кылына комуздун окшодум.
Үн созом махабат багында,
Жүрөктүн добушу барында.
Жар салып өтөм да тирүүлүктү,
Жашаймын жакшы ырдын сабында.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

10.05.2012. 14:21
 Ади
Бир өзүм үмүттү эмес. Бир үзүм үмүттү
14.05.2012. 00:26
 kiki
-juokton 4ykkan soz jurokko jetet: dewet emespi yrga bazar jok
18.05.2012. 03:44
 Kudash0611
Азаматсын Гүлнур сенин булбулдай болгон үнүңдү укканда эс алгандай болом....
24.05.2012. 11:21
 Шаиста Шатманова
кайф... бул ырларды угуш, жыргал...
13.06.2012. 10:04
 nurnsk
сонун,чындап кайф
18.07.2012. 17:21
 asj.88
сонун ыр
15.04.2015. 13:12
 biikech0
Сонун чыгарма. Создору жакшы жазылган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо