Майрамбек Осмонов "Бейпил болсун түнүңөр"
03:33
0,81 Мб
Жүктөлгөн: 21-05-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Абжапаровдуку
Обону:М.Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.30/5
(10 добуш)
Күн нуру батып күүгүмдөп,
Үйлөрдө чырак бүлбүлдөп.
Уйларын сааган энелер,
Дасторкон жаят күлүңдөп.

Кайырма:
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.

Азайып элдин агымы,
Карайып көчө жарыгы.
Уйкуга чөгүп баратат
Тынчы жок турмуш кайыгы.

Кайырма:
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.

Эс алуу үчүн жаталы,
Эске албай кайгы-капаны.
Эсен-соо өтсүн түнүбүз,
Жараткан берип батаны.

Кайырма:
Караңгы улам коюлап,
Жатууга достор, болду убак.
Түнүңөр бейпил болсун деп,
Калалы биз да кол булгап.


Комментарийлер (8)

23.05.2012. 11:42
 kizil
bashi mgnoveniyege okshoshki shtirlsstegi ???
24.05.2012. 12:55
 Шаиста Шатманова
Ушул ырды КТРден күтүп отуруп укчумун, бир кезде.
30.05.2012 02:39
Aziyat
shasi, Бизда кутуп оутурп угуп анан жатат элек,ЭэЭхХХхх...жаш кезди сагындым...
14.08.2012. 21:19
 tayer
qenege jaxoo uxulda
28.08.2012. 07:05
 ddd111
sonun yrda.
12.09.2012. 16:03
 jjlove
абдан сонун ыр, созун жазып койсонор андан да жакшы болоор эле???
06.04.2014. 20:27
 Lumia-800
Бир убактарда Кыргызстандын биринчи теле каналында кундо саат 12 де ырдалып жургон ыр.
20.05.2017. 04:22
 kishi
Саламатсыздарбы? Бир кезде КТРде "Коломто" деген берүү бар эле, Б.Бекешов алып баруучу. Ошол берүүдө Осмоновдун " Коломто"деген ыры ырдалчу, таппай жүрөм көптөн бери, мүмкүн болсо жүктөп койсоңуздар. Ырахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо