Эдил Маматов, Абаз Муратов "Окуучулук кайыгым"
04:58
3,97 Мб
Жүктөлгөн: 24-05-2012
Жанр: Поп
Сөзү:Б.Борбиевдики
Обону:Б.Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.35/5
(20 добуш)
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн мен турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.

Актай кагаз алганмын,
Ак кайык жасаганмын,
Окуучулук өмүрүм деп жазганмын.
Аккан сууга салганмын,
Көпкө чуркап барганмын,
Узаганча кол булгалап турганмын.

Кайырма:
Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын.
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.

Он жыл бирге туздашым,
Классташым, курдашым,
Аман болгун, тагдыр кайда бурбасын.
Акыл айтчу ар дайым,
Эжелерим, агайым,
Кеч болсо да рахматым айтайын.

Кайырма:

Комментарийлер (21)

24.05.2012. 18:41
 Bais
эээххх кандай гана кундор эле. эстесем ыйлагым келет да!
25.05.2012. 02:27
 bekzhan
Борбиевдики sonun
27.05.2012. 16:56
 aman-88
жаман эмес.ушундай кылып эски ырларды жанылап турган силерге рахмат.бирок ырды бузакей жок окей?)))
22.07.2013 04:18
AZAP_2009
aman-88, туура айтасыз брат
04.06.2012. 17:19
 Timon
ex kanday kundor kundor ottu ele okuuchuluk kundordo exeee, omurundun en soonun kundoru okuuchuluk kundordo otot eken da. kadyryna jetpeppiz :(((
13.06.2012. 19:37
 Attokurov
издеп журдум эле ушу ырды
13.06.2012. 20:56
 Urikg
агып кеткен окучууулук каайыгыыыым.....
14.06.2012. 16:44
 Rimanto
ыйлап жибердим((((((((((соонун ыр ээ
14.06.2012. 16:47
 Rimanto
эртерээк кеткенге шашчу элек,бирок ошол кундор жашоондун эн сонун кундору турбайбы эххх
29.06.2012. 03:19
 stepboy
эээхххх окуучулук кундорум эстеген сайын ыйлагым келет биринчи суйуу биринчи мугалим эххх кандай сонун кундор азыр аябай окуном бирок кеч да !!!!!!!!!!
30.07.2012. 15:28
 Taybas
ыйлап жибердим
12.08.2012. 10:52
 baibolot71
Кайран мектебимди эстеп жаман болуп кеттим,окуучулук кундорумду аябай эстеп кеттим.
12.10.2012. 02:26
 nurlife
Абдан сонун ырдаптыр, угуп жатып ыйлагын келет
27.05.2013. 19:29
 don_mika
Аваз Супер Ырдайсынар ээээээ!!!!!!!!!Балыкчы Сити!!!!!!!!!
06.04.2014. 21:53
 Maks.007
кандай соонун э
01.04.2015. 18:53
 Tilekk
Эээ азыр комменттерди окуп башкача болуп кеттим.2 айдан кийин мектепти бутом..
12.06.2015. 01:32
 aibek0001
омурумдо кандай гана жакшы кундор окучулук убагым, сагындым ээхх окчулук кундорум, эстеген сайын ыйлагым келет.
13.08.2015. 01:39
 akniet7baiken
Быйыл бутуп жатып ушул ырды ырдаганда ичимден ыйладым...
01.04.2017. 11:49
 jyza_94
Ушул ыр мага абдан жагат урматтуу админ минусун жуктоп койунуздарчы сураныыч алдын ала чоон рахмат
29.05.2017. 20:37
 mrbaxa780
Эхх кандай сонун окуучулук кайыгым
18.03.2018. 01:50
 Taalai1997
Менин мектебим Н.ИСАНОВ то окуп жургон кундорумду эстететко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо