Айнура Салахидинова "Апакем"
03:44
3,42 Мб
Жүктөлгөн: 28-05-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.64/5
(11 добуш)
Апакебай, майрамыңыз кут болсун,
Ушул күнү үйүңүзгө кут толсун!
Балдарыңыз чогуу болуп сиз менен,
Дасторкондо дүйүм-тамак бүт болсун.

Кайырма:
Жаныңызга тирек болуп атабыз,
Оорубаңыз, дагы көпкө жашаңыз.
Урмат-сыйын неберенин көргүлө,
Баарыбызга тийсин сиздин батаңыз!

Бүт тарттыңар жаш кезекте мээнетти,
Көргүлө эми карыганда дөөлөттү.
Көрбөгүлө жамандыгын балдардын,
Капа кылып, көңүлдөрдү чөгөртчү.

Кайырма:

Тынчтык болсун элибизде ар дайым,
Эл ичинде силер аман болгула.
Кызыңардын арзыбаган каалоосун,
Аз да болсо кабыл алып койгула.

Кайырма:

Комментарийлер (6)

29.05.2012. 08:35
 Paiaz
Ырларын аябай жакшы ишине ийгили каалайм
29.05.2012. 08:35
 Paiaz
сонун ыр экен мага жакты апаларды сыйлаш керек
29.06.2012. 22:04
 
жакшы ыр экен голосу соонун да ушул ырчынын Айнура эже талатыныз оркундой берсин
10.07.2012. 02:06
 NuraiNurdinova
abdan sonun yr eken maga jakty Apalar bar baktybyz bar.
22.11.2012. 21:54
 kubaziza
сонун ыр экен голосу соонун
24.01.2013. 11:59
 Айнура Салахидинова
Rahmat, buirusa ushul yrga klip tartaiyn dep turam.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо