Кубаныч Сатаев "Кең дүйнө"
03:31
6,43 Мб
Жүктөлгөн: 28-05-2012
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ч.Сатаевдики
Обону:Ч.Сатаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.27/5
(11 добуш)
Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө,
Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө.
Тең болсо да бул аалам,
Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан,
Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө.

Бирөө тартса муң-кайгы,
Бирөө көрдү жыргалды.
Жаратканым бар болсо,
Бул дүйнөнү, бул дүйнөнү,
Бул дүйнөнү баарына тең кылбайбы.

Чындык дүйнө бар дүйнө, бар дүйнө,
Бирөөлөргө тар дүйнө, тар дүйнө.
Бакыт конгон адамга,
Ушул дүйнө - шаң дүйнө.
Сүйгөнүнө жетпегенге –
Чиркин дүйнө, зар дүйнө.

Күйүп-күйүп, күл болом,
Ичи тарды көргөндө.
Көрсөм күйүп күл болом,
Жакшы адамды бир арам,
Жер алдына, жер алдына көмгөндө.

Тирүүлүктө адамдар, адамдар,
Алгаласын кадамдар, кадамдар.
Арабыздан жок болсун,
Ичи бузук арамдар.
Ач көз, акмак, ач көз, акмак,
Ач көз, акмак, сараңдар.

Бакыт болсо, көппөйлү,
Кайгы болсо, чөкпөйлү.
Кагылайын адамзат,
Өмүр өтүп баратат,
Бул дүйнөдөн көңүл калып өтпөйлү.

Комментарийлер (11)

29.05.2012. 15:20
 Alisher
Sooonun iygilik 10+++++++++.......
30.05.2012. 12:35
 Laden
Үнү да атасынын үнүнө окшош да, жакшы ырдайт!
31.05.2012. 11:01
 Bolo
Азамат! Атадан мыкты уул бол! Ийгилик каалайм! Чыныгы кыргыздын сыймыктанчу жигити.
03.06.2012. 16:30
 Jumasiya
эн сонун!!! мага жакты!!!!
07.06.2012. 17:35
 altynbekimanbekov
куба байке ишинизге игилик
26.06.2012. 00:42
 baks-mz
Суперсин!!!Чубак биз менен Мирлан байкен сокулуктан
26.07.2012. 22:10
 TolonturCN
Керемет ыр да. . .
17.08.2012. 19:59
 kerim
куба аябай жакшы
28.08.2012. 16:31
 Jiza
azamatsyz! yrlarynyz menen bar bolunuz!
28.06.2014. 17:19
 nuraiko
salam admin kubany4 baikenin bir yry barle karaap kairadan seni samaap kuttum kuttum jaljalym jalgyzdyktan tajap buttum degen saptary bar ele kirgizip koigula4y surany4
26.02.2016. 13:45
 AKJOL88
азаматсыз дайым алга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо