Арсен "Бир сендей"
04:46
5,46 Мб
Жүктөлгөн: 29-05-2012
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(5 добуш)
Мезгил сызып ирмемдей,
Өтөт жылдар бир келбей.
Бүт айлансам ааламды,
Табылбас бир сендей.
Мезгил сызып ирмемдей,
Өтөт жылдар бир келбей.
Бүт айлансам ааламды,
Табылбас бир сендей.

Байкабадың сезимим өзүңө арналганын,
Жарым сен деп,
Жалгыз сен дей беремин.
Айта албадым, а бирок, азыр да армандамын,
Күйүттү мен үмүт менен жеңемин.
Изиңди таппай жүрөк,
Издесем кимдер билет?
Жүрөгүмдөгү арман сезимим эзет.

Кайырма:
Мезгил сызып ирмемдей,
Өтөт жылдар бир келбей.
Бүт айлансам ааламды,
Табылбас бир сендей.

Ээлеп алдың кыйнадың кыялым, ойлорумду,
Аяп мени, айтчы эми сүйүүңдү.
Эске салып өткөндү, мени да ойлодуңбу?
Жүрөгүмдү кошуп сунган гүлүмдү.
Изиңди таппай жүрөк,
Издесем кимдер билет?
Жүрөгүмдөгү арман сезимим эзет.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

30.05.2012. 05:17
 Ima12
Sonun yr boluptur iygilik!
30.05.2012. 15:45
 
(ړײ)класс(ړײ)
30.05.2012. 19:17
 EkaMika
Арсен өзү таланттуу и ырлары өлө сонун.Бир гана голосу анча жага бербейт.А так классно чыгыптыр музыкасы,сөздөрү...Мезгил сызып ирмемдей,
Өтөт жылдар бир келбей.
Бүт айлансам ааламды,
Табылбас бир сендей....
04.06.2012. 05:24
 A.Ali
Сонун.жакшы создор арнагым келет ушул создорду.менин периштеме.сонун ыр алгааа
09.06.2012. 12:42
 kurchunka
Соонун ыргоо мага жакты Арченчик алга.
16.06.2012. 22:47
 erik92
Супер братан ушундай ырлардан кобуроок болсо.))))))))))
08.05.2013. 19:05
 Nursultaan
Мага тескерисинче голосу жагат , ырдаганда дагы , суйлогондо дагы , и адам менен суйлошкондода сонун суйлойт экен , маанилуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо