Гүлнур Сатылганова "Ал сүйүүнүн келгени"
03:49
3,49 Мб
Жүктөлгөн: 06-06-2012
Сөзү:К.Тайчабаровдуку
Обону:Э.Мээркановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(16 добуш)
Кайырма:
Сагыныч сени каптаса - ал сүйүүнүн келгени,
Кыялың сезим жактаса - ал сүйүүнүн келгени.
Жалгыздык жаныңа жакпаса - ал сүйүүнүн келгени.

Караңгы каптайт дүйнөңдү,
Сүйгөнүң эгер жок болсо.
Бир жолу ачкан гүл өңдүү,
Соолуйсуң сүйүүң болбосо.
Жайдары болот көңүлүң,
Алыста бирөө ойлосо.
Көркүнө келет өмүрүң,
Ашыгың сени колдосо.
Сезимге көңүл ток болсо,
Муздаган жүрөк чок болсо.

Кайырма:
Сагыныч сени каптаса - ал сүйүүнүн келгени,
Кыялың сезим жактаса - ал сүйүүнүн келгени.
Жалгыздык жаныңа жакпаса - ал сүйүүнүн келгени.

Махабат бакыт тартуулайт,
Сүйүүңдү баркта кабылсаң.
Жалгыздык арман таңуулайт,
Сезимден эгер жаңылсаң.
Жан шерик босун тумарың,
Сезимге сен да багынсаң.

Кайырма:
Сагыныч сени каптаса - ал сүйүүнүн келгени,
Кыялың сезим жактаса - ал сүйүүнүн келгени.
Жалгыздык жаныңа жакпаса - ал сүйүүнүн келгени.

Комментарийлер (13)

06.06.2012. 12:51
 marson
Жакты
06.06.2012. 13:55
 kesha250586
ГУЛНУР эженин эне туулган жер жонундогу ырлары зор.
10.12.2012 22:23
Demon
kesha250586,
баардык эле ыры зор
07.06.2012. 10:16
 Abaevjanar
ejenin ununo soz jok...yrlardyn maanisine da konul burchu ele...bul yrdyn sozdoru ancha jurokko jetkiliktuu bolboptur...je dejur sozdor koldonulgany uchunbu... birok ejenin ununo tam berbegen NOOMART
07.06.2012 10:43
rai
Abaevjanar, сизге кошулам. Мага да ошондой сезилди, сөздөрү мурунку ырларындай таасирдүү эмес! Бул ырдын сөзүнүн авторуна да жараша болсо керек. Негизинен Гүлнур эжеке Кыялбек Урманбековдун калемина таандык чыгармаларды аткарат го, бул ирет "Сөзү: К.Тайчабаровдуку" деп жазылып турат. Тез эле байкалат экен :(. Бирок чын эле үнү керемет! Башкалардай мурду менен ырдап кыйналбай үн көкүрөгүн&#
Комментарийлерди жашыруу
24.10.2012 09:26
zuzu86
rai, мен да сизге кошулам. К.Тайчабаровдун денгээли ото томон, анан Гульнур Сатылганованын денгээли ото жогору. А так конечно, Гульнур это талант!!!
08.06.2012. 22:07
 tynar91
сонун Гулнур эже рахмат
26.06.2012. 12:26
 ingos_kg
Жакшы ыр экен, уну тимеле сонун да.
26.07.2012. 22:21
 TolonturCN
Ырдын текистин да жазып койсоңор соонун болмок экен, сөзү эмне деген соонун.
26.07.2012. 22:54
 peach
dejur sozdor deisiner da..baary sonun boluptur Gulnur eje..suiuu kelgenin je kele elegin sezdire turgan saptar
03.08.2012. 13:52
 aika2014
Kyrgyzda uwundai yr4ylar koboio bersin. Gulnur ejenin yrlarynyn baary jagat maanisi da, muzykasy da jagymduu. Anan owonu jetkire yrdagan ejege 4oon raxmat! 4ygarma4ylygynyzga iigilik!
22.09.2012. 18:07
 aulukbek
Эже чон рахмат!!! Биз менен бирге болгонунуз учун Кудайга ыраазыбыз!!! Чыгармачылыгыныз оркундоп БИЗДИН сахнанын торунон тушаой журо бериниз!!!
07.11.2013. 02:13
 chuiskaya
soz jok.samaya krasivaya i talantlivaya!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо