Арзыбек Бедияров "Көзүңдөгү керемет"
03:03
2,79 Мб
Жүктөлгөн: 18-06-2012
Жанр: Ретро
Сөзү:Н.Алымбековдуку
Обону:А.Бедияровдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(6 добуш)
Көзүңдөгү керемет, көзүңдөгү,
Көрүнбөгөн жазуулар сезимдеги.
Жалжылдаган каректин сырын билбей,
Жаман экен жүрөктүн эзилгени.

Катасыңбы сырыңды, катасыңбы?
Карегиңде айталбай жатасыңбы?
Айтпасаң да жактырып калдым окшойт,
Адеби бар адамдык сапатыңды.

Мүнөзүңдү жактырдым, мүнөзүңдү,
Күнөөкөрдөй айталбай билгенимди.
Билип жүрсөң болду эле мындан ары,
Үмүт үзбөй өзүңдөн жүргөнүмдү.

Комментарийлер (5)

19.06.2012. 17:53
 ruslanbek8686
Супер инфо эмнеге кочурбой калды карап койсонор сураныч.
24.06.2012. 20:20
 Narynbek
Арзыбек акенин ушул ыры абдан жагат да!чыгармачылык ийгилик сизге.
26.06.2012. 13:17
 Nookat TB
Арзыбек Бедияровдун тушумо кирдин тундо сен деген ырын жуктоп коюнуздарчы алдын ала чооон рахмат.
08.01.2014. 00:54
 Bodibilding
Соонун ыр екен
05.06.2019. 17:15
 mirkaa5182
Сонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо