Бактыгүл Бадыева, Абидин Темиров "Арзуу ыры"
03:16
2,99 Мб
Жүктөлгөн: 27-06-2012
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(6 добуш)
Күздө күтүп, жазда келген сезимди,
Күйүт бизге үмүт болуп сезилди.
Бул турмушта ансыз деле өксүгөн,
Жалоорутпа жайнактаган көзүмдү.

Айта албастан айтар сөздү белендеп,
Айттырыпсың айылга бир келем деп.
Менсиз кантип жүрдүң экен алыста?
Кусалыгым күчөп барат тереңдеп.

Кайырма:
Биздин өмүр нурданып,
Ырлар менен улансын.
Ак сүйүүлөр түбөлүк,
Өчпөс болуп ырдалсын.

Кездешкенче нур чачышып жүздөрдөн,
Күз да келди, күз саргайды биз көргөн.
Сен сырыңды, мен чынымды айткыча,
Өмүр өтүп баратпайбы бир келген.

А мен сени күтөр элем миң жылга,
Бирок жашоо ченелүү да бир кыйла.
Биздин өмүр өтпөсө да бир үйдө,
Биздин сүйүү калар, балким, бир ырда.

Кайырма:

Комментарийлер (7)

29.06.2012. 09:53
 Bat
Анча эмес
29.06.2012. 16:13
 Alisher
Жакшы негизи Абдин байкенин уну ырлары жакшы болчу бул ырда жакшы экен
15.07.2012. 19:57
 antivir
Baktygul rock yrlaryn kana?
20.10.2012. 10:09
 jaran
Жакшы экен
27.12.2012. 03:04
 bambucha
оранжировканын башы Прасковьяга (uma2rman - прасковья) окшоп кетеби же мен дагы деле калп айтып жатамбы?
30.01.2013. 06:29
 asadillaevna
Abdan originalduu duet
30.08.2017. 11:44
 shumkar929292
Соонунго мага жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо